Президент энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 Президент энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда, энергетика тармагынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү менен куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу энергетиктер!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Энергетика дээрлик бардык өлкөлөрдүн экономикасынын флагманы, жарандардын жашоо-тиричилиги жана ири өнөр жай объектилери үчүн зарыл шарт болуп эсептелет. Ошондуктан, энергетика — туруктуу өнүгүүгө түздөн-түз таасир эткен өзгөчө тармак.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын энергетика комплексине өлкөнүн жашоо-тиричилигин камсыз кылган 7 ири ГЭС, 2 ири ЖЭБ, Токтогул суу сактагычы, жүздөгөн подстанциялар жана миңдеген километр электр өткөрүүчү чубалгылар, жылуулук линиялары, чакан ГЭСтер жана башка энергетика объектилери кирет. Дал ушундай маанилүү тармактын күнү-түнү үзгүлтүксүз иштөөсүн энергетика жаатындагы миңдеген адистер камсыз кылып келишет. Өз кесибин мыкты билген, жоопкерчиликтүү, ырааттуу иш алып барган энергетиктер калкыбызга жарык жана жылуулук тартуулоо оюн а маанилүү миссиясын дыкат аткарууда.

Энергетика тармагынын ардагерлерине дагы ыраазычылык билдире кетейин. Себеби жогоруда саналган объектилердин баары өз мезгилинде бул тармакка өмүрүн арнап, берилип иштеген ардагерлердин бизге калтырган мурасы болуп саналат.

Өлкөбүздүн энергетика тармагындагы билимдүү жана тажрыйбалуу адистердин аракети менен бир нече олуттуу долбоорлор ишке ашырылды. Бирок, ошол эле учурда, алдыда ыкчам чечимдерди жана жаӊыча ыкмаларды талап кылган заманбап чакырыктар турат. Алардын негизгилери — тиешелүү жабдууларды андан ары модернизациялоо, энергия жеткирүүнүн натыйжалуулугун, энергетикалык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн, энергетикада долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү ж. б. Күн тар ибинде турган мындай милдеттерди квалификациялуу, кесипкөй, ак ниет адистерибиз менен биргеликте иш жүзүнө ийгиликтүү ашырабыз деп ишенем!

Энергетика жаатында мерчемделип, жасала турган иштерибиз абдан көп. „Камбар-Ата-1“, Жогорку Нарын ГЭС каскады, ЖЭБ-2 боюнча инвесторлорду тартуу, чакан ГЭСтерди куруу жана башка иштер улантылат.

Мындан сырткары, бул тармакка насыя алуу маселесин кескин кыскартып, түз инвестиция тартууну колго алуу менен, мамлекеттик-жеке өнөктөшүктү өнүктүрүп, өз каражатыбыздын эсебинен долбоорлорду ишке ашырышыбыз керек. Ал эми коррупция жосундарын ооздуктоодо бизнес процесстерди санариптештирүү жана адам факторун азайтуу сыяктуу багыттар негизгилерден болмокчу. Бул максатта акылдуу эсептегичтерди массалык түрдө орнотуп, тендерлерди өткөрүүдө, эсеп-кысап жүргүзүүдө жана кадрларды таңдоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылуу менен г ана етише алабыз деп ойлойм.

Майрам күнү мындай чоң-чоң максаттарга токтолуп жаткан себебим — эл күткөн, жалпы коомчулук күткөн бул тармактын өсүп-өнүгүшүн шарттай турган жагдайларга кесипкөй энергетиктерибиздин дарамети, билими, эрки жетет деп баса белгилеп айткым келип турат.

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!
Элибизге ар дайым жарык жана жылуулук тартуулаган ак кызматыңар ийгиликтүү улана берсин!

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш каалайм!»

Связанный пост