Салык кызматы “Салык төлөөчүнүн паспорту” долбоорун ишке киргизди

 Салык кызматы “Салык төлөөчүнүн паспорту” долбоорун ишке киргизди

Мамлекеттик салык кызматы “Ишкерлердин жайгашуусунун электрондук картасы” долбоорун ишке ашыруунун алкагында экинчи этап – “Салык төлөөчүнүн паспорту (QR-код)” долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Салык төлөөчүнүн паспорту” – бул салыктык сыр болуп саналбаган жана QR-коддо камтылган ишкердик субъектинин маалыматтык картасы.

Паспорт аймактык салык органдарынын кызматкерлери тарабынан экономикалык иш жүргүзүлүп жаткан ар бир соода объектисинде, жалпыга жеткиликтүү жерде, мисалы, кире бериште, витринада же кассада жайгаштырылат.

“Салык төлөөчүнүн паспортунда” жайгашкан QR-кодун смартфондон сканерден өткөрүү менен төмөнкү маалыматтарды алууга болот:

– салык төлөөчүнүн реквизиттери жөнүндө (салык төлөөчүнүн аталышы же аты-жөнү),

– ИСН жана контролдук-кассалык машинанын болушу,

– жооптуу салык инспекторунун байланыш маалыматтары.

Ишкер менен керектөөчүнүн ортосунда талаш маселелер пайда болгон учурда, салык кызматынын компетенциясынын чегинде иштерди жөнгө салуу үчүн жооптуу салык инспектору менен түздөн-түз байланышса болот.

“Салык төлөөчүнүн паспорту” калк тарабынан ишкерлердин ишмердигин контролдоону күчөтөт жана ошону менен керектөөчүлөрдүн укуктарын коргойт.

Белгилей кетсек, “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорунун компоненти катары “Салык төлөөчүнүн паспортун” киргизүү салыктык башкарууну өркүндөтүүгө, аналитикалык ишти жакшыртууга, ошондой эле салыктык каттоосуз жана салык төлөбөстөн экономикалык иш менен алектенген ак ниетсиз ишкерлерди натыйжалуу аныктоого мүмкүндүк берет.

Связанный пост