Билим

Мектептердин директорлору үчүн 3 күндүк окутуу башталды

Бүгүн, 23-мартта “Газпром Кыргызстан” мектебинде Чүй облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы 3 күндүк семинар башталды. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, семинарга жалпысынан 350 угуучу катышып, он-лайн жана офлайн форматта өтүүдө. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билим берүү […]Читать далее

Укук тартиби

Кореядан Кыргызстанга мыйзамсыз автотетиктерди алып кирүү аракети аныкталды

         Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин аймагына Корея Республикасынан жаңы автоунаа тетиктерин мыйзамсыз алып келүүгө аракет кылышкан, деп билдирди КР Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан. Фактыны «Түштүк-Батыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө аныкташкан. «А.Б.У» ЖЧКсынын […]Читать далее

Укук тартиби

Прокуратура 186 млн сомдук сугат айдоо жерди мамлекетке кайтарды

Васильевка айыл өкмөтүндө 186 млн сомдук сугат айдоо жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Чүй областтык прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын  талаптарынын аткарылышы боюнча Аламүдүн районун Васильевка айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, айыл чарба багытындагы жер тилкелерине карата укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай,  муниципалдык менчикке өткөрүлбөй калган жалпы […]Читать далее

Укук тартиби

Бишкек-Ош жолуна асфальт төшөөдө Жол тейлөө ишканасы мамлекетке 3 млн

Бишкек-Ош жолуна асфальт төшөөдө Жол тейлөө ишканасынын жооптуу адамдары акча каражаттарын кымырып алышкан. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирген. Кара-Көл шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад филиалынын №30 Жол-тейлөө ишканасында текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарын кыянатчылык менен пайдаланып, Бишкек-Ош автожолунун […]Читать далее

Кырсык

Өзгөн районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, тургундар коопсуз жайга көчүрүлдү

Ош облусунун Өзгөн районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, тургундар коопсуз жайга толугу менен көчүрүлдү. КР ӨКМнин пресс-борборунан билдирди. Өзгөн районунда 22-март күнү, саат 05:00 чамасында Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн. Аталган тилкеде 18 турак үйгө коркунуч пайда болуп, үйлөргө 300 м аралыкта жетпей […]Читать далее

Укук тартиби

Жалал-Абад облусунда жашыруун казинонун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Жалал-Абад шаарында жана облустун Сузак районунда компьютердик клубдарга жамынып иштеп жаткан мыйзамсыз оюн-зоок жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 2023-жылдын 17-мартында бул көмүскө оюн-зоок жайлардын айрым уюштуруучулары жана администраторлору кармалды, бул жайлардын ар биринин ай сайын акча жүгүртүүсү бир миллион сомдон ашык болгон. Аталган жашыруун жайлардын кассаларынан бир күндүк […]Читать далее

Экономика

Салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясын улантууда

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын жаңы шарттар менен улантууда. Бул тууралуу КР МСКнын басма сөз кызматы билдирди.  Биринчи утуш 2023-жылдын 1-июлунда, экинчиси 30-декабрда болот. Бул жылдагы лотереянын байге фонду 2000ден ашык баалуу байгелерден турат. Лотереяга катышуу үчүн “Салык чек” мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү жетиштүү. Ал эми тиркеменин […]Читать далее

Коом

Бишкектин борборунда эс алуу жайы салынат

Жакында Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде эс алуу жайы салынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салына турган эс алуу аймагын көрктөндүрүү үчүн жеринде көчмө жыйын өткөрдү. “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча коомдук […]Читать далее

Саясат Экономика

Япония Кыргызстанга кайтарымсыз 5,3 млн $ бөлүп берет

КР Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Япония өкмөтүнүн ортосундагы «Баткен облусунун жолдорун сала турган жабдууларды жакшыртуу» долбоору боюнча Алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. КР Министрлер Кабинетинин атынан КР Финансы министри А.Бакетаев, Япония Өкмөтүнөн Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым […]Читать далее

Коом

Бишкекте жолдор оңдолууда

Борбор калаада “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан жолдорду оңдоп түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Алсак, Ахунбаев көчөсү 7-апрелден Достоевский көчөсүнө чейин, чуңкурларды оңдоо жолу менен кемчиликтерди жоюуда. Жол белгилерин белгилөөчү экипаж участоктордо иштейт: – Гагарин көчөсүнөн Ш. Руставели көчөсүнө чейин; – Ч. Айтматов проспектиси, резиденциядан баштап, Жибек-Жопу проспектисине чейин; […]Читать далее