Бишкек-Ош жолуна асфальт төшөөдө Жол тейлөө ишканасы мамлекетке 3 млн зыян келтирген

 Бишкек-Ош жолуна асфальт төшөөдө Жол тейлөө ишканасы мамлекетке 3 млн зыян келтирген
Бишкек-Ош жолуна асфальт төшөөдө Жол тейлөө ишканасынын жооптуу адамдары акча каражаттарын кымырып алышкан. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирген.
Кара-Көл шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад филиалынын №30 Жол-тейлөө ишканасында текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүдө, аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарын кыянатчылык менен пайдаланып, Бишкек-Ош автожолунун 392-396 чакырымында жолго асфальт төшөө жумуштарын аткарууда долбоорлоо-сметалык документтерде көрсөтүлгөн суммадан 3 млн 714 миң 582 сомго ашыкча жумуш аткарылгандыгы тууралу актыларды жасалмалашып, акча каражаттарын өзүнүн кызыкчылыктарына иштетип жиберишкендиги аныкталган.
Ал эми, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин №6 аймактык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан тиешелүү түрдө текшерилбей туруп аткарылган жумуштардын актылары кабыл алынып, натыйжада мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.
Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергелүүдө.

Связанный пост