Салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясын улантууда

 Салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясын улантууда

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын жаңы шарттар менен улантууда. Бул тууралуу КР МСКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Биринчи утуш 2023-жылдын 1-июлунда, экинчиси 30-декабрда болот. Бул жылдагы лотереянын байге фонду 2000ден ашык баалуу байгелерден турат.

Лотереяга катышуу үчүн “Салык чек” мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү жетиштүү. Ал эми тиркеменин колдонуучулары аны жаңыртуу зарыл.

Ар бир товар сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылыңыз. Андан кийин кассалык чектин QR-кодун мобилдик тиркемеден сканерден өткөрүңүз.

Салык кызматы жарандарды лотереяга жигердүү катышууга чакырат. Бул ишкерлер тарабынан ККМди колдонуу боюнча коомдук контролду гана камсыз кылбастан, баалуу байгелердин ээси болууга да мүмкүндүк берет.

Лотереяга катышуу – ар бир кыргызстандыктын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы.

Чек канчалык көп болсо, байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.

Связанный пост