Япония Кыргызстанга кайтарымсыз 5,3 млн $ бөлүп берет

 Япония Кыргызстанга кайтарымсыз 5,3 млн $ бөлүп берет

КР Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Япония өкмөтүнүн ортосундагы «Баткен облусунун жолдорун сала турган жабдууларды жакшыртуу» долбоору боюнча Алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

КР Министрлер Кабинетинин атынан КР Финансы министри А.Бакетаев, Япония Өкмөтүнөн Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки катышты.

Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Япония өкмөтү 700,0 млн япон иени (5,3 миллион АКШ доллары) өлчөмүндө гранттык каражат бөлүүдө.

Долбоордун негизги максаты – Баткен облусунун аймагында табигый кырсыктарга туруктуу жолдорду куруу жана Борбордук Азия чөлкөмүндө логистиканын коопсуздукту камсыз кылуу.

Белгилей кетсек, долбоордун аткаруучу органы – КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.

Связанный пост