Прокуратура 186 млн сомдук сугат айдоо жерди мамлекетке кайтарды

 Прокуратура 186 млн сомдук сугат айдоо жерди мамлекетке кайтарды

Васильевка айыл өкмөтүндө 186 млн сомдук сугат айдоо жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Чүй областтык прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын  талаптарынын аткарылышы боюнча Аламүдүн районун Васильевка айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, айыл чарба багытындагы жер тилкелерине карата укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай,  муниципалдык менчикке өткөрүлбөй калган жалпы 307,5 га жер тилкеси аныкталган.

Натыйжада, жол берилген мыйзам бузууларга карата прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгында 186 млн 277 миң 534 сомго бааланган, жалпы аянты 307,5га айыл чарба багытындагы сугат айдоо жери муниципалдык менчике кайтарылды.

Связанный пост