Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин Төрагасы Токтогул ГЭСине барды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Көл шаарында жайгашкан Токтогул ГЭСтеринин каскадынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Алсак, Токтогул ГЭСтеринин каскадынын негизги ишмердүүлүгү электр энергиясын үзгүлтүксүз өндүрүү жана керектөөчүлөргө бөлүштүрүү болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиянын 80%дан ашыгы аталган каскаддын ГЭСтеринде өндүрүлүп, курамына Токтогул жана Күрпсай ГЭСтери кирет. 1975-жылы […]Читать далее

Кырсык

Баткен облусунда жер титирөө катталды

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 11:22де Тажикстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен облусунун, Лейлек районунун Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее

Коом

“Учкун” басмаканасында ID-card, айдоочулук күбөлүк, унаалардын техникалык паспортун даярдап баштайт

Президент Садыр Жапаров “Учкун” басмаканасын жаңылоо жана анын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тапшырмасын койгон. Басмаканада буга чейин аттестат, күбөлүктөр, дипломдор сыяктуу жөнөкөй мамлеттик иш кагаздар гана басылчу. Көп нускалуу китептерди басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү дагы аз болгон. Буга байланыштуу окуу куралдары жеке компаниялар тарабынан даярдалып келет. Учурда “Учкунга” чет өлкөдөн жаңы заманбап техникалар келип түшүп, жаңылоо иштери […]Читать далее

Билим Укук тартиби

ЖАМУнун факультетинин деканы чет элдиктер үчүн жасалма дипломдорду жасаган

Кыргыз Республикасынын УКМК Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (“Кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку билим тууралуу жасалма дипломдорду даярдаган каналдын бети ачылды. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын жараны 2017-2018-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы кызматын аркалап турган убагында 12 000 АКШ […]Читать далее

Укук тартиби

Бажычылар 6 млн сомдон ашык баадагы белгилүү бренддердин товарларын контрабандалык

«Манас» бажысынын Контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР УКМК кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө, «Манас» аэропортунун аэробекет комплексинде жүргүнчүлөргө бажы көзөмөлдөө жүргүзүүдө контрабандалык товарларды алып өтүү фактысын табышкан. «Манас» эл аралык аэропортунун келүү зонасында бажы көзөмөлүнүн аймагынан өтүүдө КР жараны жалпы таза салмагы 51,70 […]Читать далее

Аймак

Аквакультураны жана балык уулоону өнүктүрүү улуттук борборунун курулушу уланууда

КР Айыл чарба министри А.Джаныбеков Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жайгашкан ММ “Тоң балык өстүрүү заводунун” базасындагы “Аквакультураны жана балык уулоону өнүктүрүүнүн улуттук борборунун” курулушу менен таанышты. Долбоор 2022-жылдын 22-октябрында “КР АЧМ менен Корей деңиз институтунун ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө” меморандумдун негизинде ишке ашырылууда. Долбоордун мөөнөтү 2022-жылдын октябрь айынан тарта, 2026-жылдын декабрь айына […]Читать далее

Укук тартиби

Жасалма паспортторду даярдоочу канал аныкталды

КР УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмга (ЭТУ) каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош облусунун аймагында КР жасалма паспортторун даярдоо каналы аныкталды. Тактап айтканда, эл аралык террористтик уюмунун (ЭТУ) «И.Г.» айрым мүчөлөрүнүн өтүнүчүнүн негизинде, Ош облусу боюнча граждандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарындагы байланыштары аркылуу, террордук аракеттерге катышканы үчүн издөөдө […]Читать далее

Коом Эл аралык мамилелер

Бишкектин мэри Индиянын Кыргызстандагы Элчиси менен жолугушту

Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыров Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттерджи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Индия Республикасынын шаарлары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, атап айтканда, шаарлар аралык деңгээлде талкуулашты. Өз кезегинде мэр Бишкек шаарынын мэриясы менен Нью-Дели шаарынын муниципалитетинин ортосунда тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.Читать далее

Экономика

Соода-өнөр жай палатасы Өзбекстанга “жашыл коридор” түзүү боюнча маселелерди чечет

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Кыргызстандагы сүт өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушту. Жыйында Өзбекстанга “жашыл коридор” түзүүдө тоскоолдуктарды алып салуу маселеси талкууланды. Кыргызстандык өндүрүшчүлөр продукциясын Өзбекстанга экспорттой баштамакчы. Ташкент коңшуларынын азык-түлүк жеткирүүсүнө абдан кызыкдар. Анткени, Өзбекстандын калкынын саны кескин өсүүдө жана алар тургундарды эң керектүү товарлар менен камсыздоонун алкагында сүт азыктарына муктаж. “Бирок экспортту ишке […]Читать далее

Коом

Бишкекте муниципалдык кызматкерлер үчүн кыргыз тилин окутуу курстары уюштурулууда

Муниципалдык кызматкерлер  үчүн “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” жана “Иштиктүү кыргыз тили” деген аталыштагы окуу курстар уюштурулууда. Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү  орус тилдүү муниципалдык кызматкерлер  үчүн 3 айлык “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” деген аталыштагы жана жалпы муниципалдык кызматчылар  үчүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча “Иштиктүү кыргыз тили” деген темада окуу курстарды өтүүдө. Ошондой эле […]Читать далее