Жогорку Кеңештин Төрагасы Токтогул ГЭСине барды

 Жогорку Кеңештин Төрагасы Токтогул ГЭСине барды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Көл шаарында жайгашкан Токтогул ГЭСтеринин каскадынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алсак, Токтогул ГЭСтеринин каскадынын негизги ишмердүүлүгү электр энергиясын үзгүлтүксүз өндүрүү жана керектөөчүлөргө бөлүштүрүү болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиянын 80%дан ашыгы аталган каскаддын ГЭСтеринде өндүрүлүп, курамына Токтогул жана Күрпсай ГЭСтери кирет. 1975-жылы ишке берилгенден бери алмаштырылбай келе жаткан айрым жабдуулары жаңыланып, Азия өнүктүрүү банкынан алынган каражаттын эсебинин учурда тийиштүү жумуштар жасалууда. 2025-жылы төрт агрегаты толугу менен алмаштырылып бүтсө, азыркы 1260 мегаваттык кубаттуулук 1440 мегаваттка көбөйөт. Маалым болгондой, учурда ГЭСке агып кирген суунун орточо көлөмү 266 м3/с түзсө, агып чыккан сууну көлөмү 155 м3/с болууда.

ГЭСтин жамааты менен жолугушууда өлкө экономикасына энергетиктердин кошкон салымы чоң экенин белгилеген Төрага Нурланбек Шакиев: “Жабдуулардын эскиргенине карабай, тажрыйбалуу адистердин талыкпаган аракети аркылуу жарандарыбыз жарык жана жылуулук менен камсыздалып келет. Айрыкча билим менен тажрыйбаны айкалыштырган кесипкөй энергетиктерибиз акыркы кышта терс кесепеттерди жаратпастан, татыктуу кызмат көрсөтүштү”, – деди. Ага ылайык, өлкө жетекчилеринин атынан энергетиктерге ыраазычылык билдирген Нурланбек Шакиев алдыңкы адистерге Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын тапшырды.

Эскерте кетсек, Төраганы коштоп жүргөн энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов менен “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун филиалы “Токтогул ГЭСтеринин каскадынын” директору Амангелди Тайчабаров тийиштүү маалыматтарды беришти.

Связанный пост