КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик чек араны кесип өтүү учурунда 1985-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны М.Д.М. (башка толук аты-жөнү Турсунбаев Диербек Муратбекович) кармалды. Ал өзүн КР УКМК кызматкери катары тааныштырып, жеке ишкерлердин ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алган. Тергөөнүн жүрүшүндө, М.Д.М. КР жарандык бир нече паспорту бар экени жана өзүн КР УКМКнын […]Читать далее
Свердлов районундагы ишке жаңы кабыл алынган мектеп директорлоруна жана балдар бакчаларынын жетекчилерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу семинары өтүлдү. Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Свердлов районундагы ишке жаңы кабыл алынган мектеп директорлоруна жана балдар бакчаларынын жетекчилерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча “Иштиктүү кыргыз тили” деген аталыштагы окуу семинарын өткөрдү. Ошондой […]Читать далее
Өкмөт аянтындагы гүлзарлардын биринде жоогазын гүлдөдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын сайтында маалымдалды. Аларды өткөн жылдын күз айында «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын күжүрмөн кызматкерлери отургузушкан. Жазгы гүлдөрдүн түрдүүлүгү шаардыктарга жагымдуу маанай тартуулап кубандырат. Жоогазындар гүлдөп бүтөөрү менен, баштарын кылдаттык менен казып, кургатып, кийинки күздө кайрадан гүлзарларга отургузушат. Урматтуу шаар тургундары! Гүлдөргө, шаарга кам көрүп, сак […]Читать далее
Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси “Российская газетанын” Борбор-Азиялык өкүлчүлүгүнүн директору менен
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков “Российская газетанын” Борбор-Азиялык өкүлчүлүгүнүн директору Евлашков Дмитрий Владимирович менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Д.Орунбеков социалдык баракчасына жазды. Жолугушуунун жүрүшүндө медиаталаасында өз ара аракеттенүү, ар кыл багыттагы темаларды чагылдырууну кызматташуу маселелери талкууланды. “Кесиптешибиз Дмитрий Владимирович ошону менен бирге бир катар маданий багыттагы конкреттүү сунуштарын берип, өз […]Читать далее
Ош облусунан 1,5 миң түп жашыл арчанын жана роза гүлүнүн көчөттөрү алынып келинип отургузулуп баштады. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ош облусунун Кара Кулжа районунун питомнигинен жашыл арчанын 1 жарым миң түп көчөттөру алынып келинип, бүгүн шаардын 64 аймагындагы Ынтымак аллеясынын айланасынан баштап отургузуу иштери башталды. Көчөттөр демөөрчүлөрдүн эсебинен түшкөн каражатка […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 19-январында кабыл алынган жана КРнын Президенти тарабынан 2023-жылдын 9-мартында кол коюлган «Нотариат жөнүндө» КРнын Мыйзамы күчүнө кирди. Бул Мыйзам калкка көрсөтүлүүчү нотариалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга жана аларды алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, калктын нотариуска болгон ишенимин бекемдөөгө жана анын кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган. Мыйзамдын негизги жаңылыктары болуп КРнын Нотариалдык палатасын жеке […]Читать далее
Бүгүн, 31-мартта Талас мамлекеттик университетинде Талас облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы 3 күндүк семинар башталды. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Семинарга билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов, […]Читать далее
Тагаев Мураталы Абдыкарович Бишкек шаарынын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Аким Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.Читать далее
2022-жылдын 31-мартында «Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштери башталган. Курулуш иштерине мындан туура бир жыл мурун Президент Садыр Жапаров старт берген. Өткөн жылы пландалган 5 чакырым темир жол курулуп бүткөн. Учурда “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштери жанданды. Курулуш иштерине 20 атайын техника жана 30 жумушчу тартылган. 2023-жылы 15 […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Сузак райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин бир катар кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) фактысынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак […]Читать далее