Оштон Нарынга1,5 миң түп жашыл арчанын жана роза гүлүнүн көчөттөрү алынып келинип отургузулуп баштады

Ош облусунан 1,5 миң түп жашыл арчанын жана роза гүлүнүн көчөттөрү алынып келинип отургузулуп баштады. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош облусунун Кара Кулжа районунун питомнигинен жашыл арчанын 1 жарым миң түп көчөттөру алынып келинип, бүгүн шаардын 64 аймагындагы Ынтымак аллеясынын айланасынан баштап отургузуу иштери башталды.

Көчөттөр демөөрчүлөрдүн эсебинен түшкөн каражатка алынды. Жеринде 800 сомго бааланган көчөттөр Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин сүйлөшүүсү менен 400 сомго бааланып алынып келинди.

Көчөт тигүү иш чарасына Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын шаардык Кеңешинин депутаты, ишкер Мустафа Жумаканов, Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин жетекчиси Адыл Чапкынчиев , Таза Нарын ишкана башчысы Алмаз Суранов жана кызматкерлер катышууда.

Связанный пост