Коом

Сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык үстүбүздөгү жылдын 6-9-апрелинде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга күтүлүп жаткан байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.Читать далее

Билим

Мектеп директорлорун тандоо-2023: Бишкек шаары жана Ош облусу боюнча жеңүүчүлөр

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарындагы жана Ош облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрү белгилүү болгондугун маалымдайт. Бишкек шаары боюнча тестирлөөгө 44 талапкер катышып, анын ичинен 32 адам (60%) босого балл же андан жогору алды. Жыйынтыгында 6 талапкер жеңүүчү деп табылды. Ош облусунан катышкан 95 […]Читать далее

Билим

ЖРТ-2023: Каттоо 6-апрелде аяктайт

Билим берүү жана илим министрлиги Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) каттоо 6-апрелде аяктай тургандыгын маалымдайт. Тестке каттоо мектепте окуган абитуриенттер үчүн окуган жайларда уюштурулуп, мурдагы жылдардын бүтүрүчүлөрү шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн өтүшөт. Каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтер: • паспорт (же, паспорт ала элек болсо, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк); • орто билим жөнүндөгү аттестат (мурдагы […]Читать далее

Коом

Бишкекте быйыл 26 гектар аянтка скверлерди жана эс алуу жайларын

Бүгүн Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиевдин төрагалыгы алдында экологиялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, КРнын Экология министрлигине караштуу мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле ЖОЖдордун жана «Арча демилгеси», «Жашылдандыруу» коомдук фонддорунун жана “Эко деми”, “Бишкек смог” уюмдарынын өкүлдөрү катышты. […]Читать далее

Эл аралык мамилелер

Дипломатиялык алакаларга 30 жыл. Индонезиянын Президенти Садыр Жапаровго куттуктоо жолдоду

Индонезия Республикасынын Президенти Джоко Видодо Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду. “Ушул маанилүү окуяга байланыштуу Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн жана элинин атынан 1993-жылдын 5-апрелинде түзүлгөн Индонезия Республикасы менен дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу ысык саламымды жана куттуктоомду билдиргим келет. Акыркы отуз жылдын ичинде биздин […]Читать далее

Коом

Бишкекте башаламан таштандыларды таштагандарга айып пул салына баштады

Көрктөндүрүүнү көзөмөлү боюнча инспекциясы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте башаламан таштандыларды таштоо фактыларын аныктоо боюнча түнкү рейддерди улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 2 күндүн ичинде үч район боюнча 6 тартип бузуучу аныкталып, 45 миң сом айып пул салынды. Ишкананын чыныгы көйгөйү өнөр жай таштандыларын акы төлөбөстөн, тымызын, көбүнчө түн ичинде […]Читать далее

Экономика

Садыр Жапаров: “Бул жол салынса, биз “туңгуюк” мамлекеттен чыгып, транзиттик

Шанхай кызматташтык Уюмунун саммитинин алкагында былтыр 14-сентябрда Самаркандда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу жөнүндө үч тараптуу макулдашууга кол коюлду. Андан мурда жана кийин Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзеёв, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушууларында бул маселе талкууланып, үч өлкөнүн жетекчиси тең бул долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришкен. Ошентип, эгемендүүлүктүн алгачкы […]Читать далее

Коом

Салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабын баштады. Ал ушул жылдын 1-майына чейин жүргүзүлөт. Аталган мөөнөткө чейин төмөнкүлөр декларацияны тапшырууга милдеттүү: – жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер; – менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар; – юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан […]Читать далее

Укук тартиби

Ак-Суу районунда менчиктештирилип кеткен бала-бакча мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл областынын Ак-Суу райондук прокуратурасы тарабынан, мурда мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин мамлекеттик жана муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, жалпы баасы 26 млн 10 миң сомду түзгөн Ак-Суу районунун Ак-Булун айылындагы “Балажан” бала бакчасынын 3 корпустуу имараты жана 4800 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Алсак, Ак-Суу райондун […]Читать далее

Коом

Таласта базардын тегерегинде башаламан сооданы жоюу максатында рейд жүргүзүлүүдө

Талас шаарынын мэриясынын жана Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын тийиштүү кызматкерлери базардын айланасын ирээтке келтирүү максатында рейд жүргүзүү иштерин улантууда. Көзөмөл иштерин жүргүзүүдө соодагерлердин өзүнө тийиштүү соода күркөлөрүнөн тышкары жөө адам өтүүчү тротуарларда, жол тилкелеринде башаламан соода иштерин жүргүзүп жаткан сатуучулардын соода кылууга ылайыкталган темир такталары алынып, базардын тегереги ирээтке келтирилди. Белгилей кетсек, айрым соодагерлер […]Читать далее