Ак-Суу районунда менчиктештирилип кеткен бала-бакча мамлекетке кайтарылды

 Ак-Суу районунда менчиктештирилип кеткен бала-бакча мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл областынын Ак-Суу райондук прокуратурасы тарабынан, мурда мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин мамлекеттик жана муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, жалпы баасы 26 млн 10 миң сомду түзгөн Ак-Суу районунун Ак-Булун айылындагы “Балажан” бала бакчасынын 3 корпустуу имараты жана 4800 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Алсак, Ак-Суу райондун прокуратурасы тарабынан козголгон сот өндүрүшүнүн жыйынтыгы менен сот органдары тарабынан жогоруда аталган объекттерди жеке менчикке өткөрүү боюнча укук белгилөөчү иш-кагаздары жараксыз деп табылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган объектилер Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынды.

Связанный пост