Укук тартиби

Кыргызстандын жараны 4 млн 350 миң сомдук контрабандалык дары-дармектер менен

КР УКМКнын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 9-апрелинде контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кадамжай районунун Алга айылынын “Ош-Разаков” унаа жолунда Лейлек районунун Арка айылынын 1991-жылы туулган тургуну кармалды. Ал жарандын башкаруусундагы “Фольксваген ЛТ” үлгүсүндөгү унаада эч кандай жүк ташуу документтери жок контрабандалык 116 куту, 174 миң даана ампула дары-дармектер болгон. Алдын ала эсептөө боюнча, кармалган жүктүн […]Читать далее

Кадр саясаты

Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Молдовадагы, Болгариядагы жана Румыниядагы Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кадыркулов Идрис Анарбекович Киев шаарындагы резиденциясында ишти айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Молдова Республикасындагы, Болгария Республикасындагы жана Румыния Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.Читать далее

Коом

Социалдык фонд 2023-жылдын январь-март айларында 20 миң 445 жаранга пенсия

КРнын Социалдык фондунун маалыматына ылайык, 2023-жылдын январь-март айларында 20 миң 445 жаранга пенсия чектеди. Ошонун ичинде март айында 4 миң 26 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1030 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди. Ошондой эле, 143 миң 390 иштеген пенсионерлерге кайра эсептөөлөр жүргүзүлдү.Читать далее

Коом

Ош шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы

Ош шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы белгиленип, эскерүү иш-чарасы өттү. Ага жакындары, замандаштары жана калаа бийлигинин өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, анын жасаган эмгектери менен мамлекеттик ишмердүүлүгү баяндалды. Анда айтылгандай, Абсамат Масалиев кыргыз саясатчыларына мамлекеттик кызматкер кандай болуш керек экендигин көрсөтө алган. Ал өлкөнү жетектеп турганда экономика кескин түрдө […]Читать далее

Коом Президент

Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 100 миң сомдон

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку каражат бөлүп берүү жөнүндө тескемеге кол койду. Бул чечимге 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңген Жеңиштин дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле жыл сайын белгиленүүчү Жеңиштин 78 жылдыгын эске алуу менен кол коюлган. 2023-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери […]Читать далее

Коом

Бишкекте мобилдик бала бакчалар ачылууда

Ар бир баланын билимге адилеттүү жана коопсуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү, жаңы конуштарда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу, мектепке даярдоо максатында Ленин акимиаты И.Арабаев атындагы университет менен биргеликте  №93,79,97  мектептин базасында «Көчмө бала бакча» долбоорун ишке ашырууну улантат.  Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын сайтында маалымдалды. Бул долбоорго “Жер Ынтымагы” (Арча-Бешик) […]Читать далее

Коом

Ысык-Көлгө 1,5 млн даана сига-лудога балыгынын чабактары коё берилди

2023-жылдын 5-апрелинде, Балык чарба департаменти тарабынан Ысык-Көлдүн №38 жана №40 балык уулоочу тилкелерине 1,5 миллион даана сига-лудога балыгынын чабактары коё берилди. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Балыктандыруу иш-чарасы Балык чарба департаментинин кызматкерлери, «Ысык-Көл плюс» балык чарба кооперативи, КР УИА БИнун, Түп райондук ветеринардык кызматы, Ысык-Көл облусунун “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын ИИБ […]Читать далее

Билим

Биринчи класска электрондук каттоо башталды

Бүгүнтөн тартып биринчи класска  электрондук каттоо башталды. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча 10-апрелден 25-июнга чейин, экинчи этап – жашаган жерине карабастан 26-июндан 31-августка чейин. Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. mektep.edu.gov.kg  порталын […]Читать далее

Коом

Ынтымак сейил багына көзөмөл камералары орнотулду

Октябрь районунун аймагындагы Ынтымак сейил багында видео көзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын пресс-борборунан билдиришти. Бүгүнкү күндө жүзүн таануу функциясы бар 6 видео көзөмөл камерасы орнотулду, Бишкек ШИИБи VPN каналынын жардамы менен 24 саат бою укук бузуу боюнча көзөмөл жүргүзүүдө. Мындан тышкары соода-сатык жана көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталат. Буга чейин […]Читать далее

Коом

Кыргызстандан Россияга экспорттолуп жаткан адал колбасадан чочко эти табылган

Кыргызстандан Россияга экспорттолуп жаткан адал колбасадан чочко эти табылган. Бул тууралуу Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын сайтында маалымдалат. Кызматтын билдирүүсүнө таянсак, Россельхознадзор Кыргызстандын тиешелүү органдарынын республикадагы мал чарба азыктарын Россияга экспорттоодо ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдөгү ишин жетишсиз деп эсептейт. “Кыргызстандан алып келинген адал колбасаларынын курамынан атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан чочко эти жана соя табылган. Кеп […]Читать далее