Ош шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы белгиленди

 Ош шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы белгиленди

Ош шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы белгиленип, эскерүү иш-чарасы өттү. Ага жакындары, замандаштары жана калаа бийлигинин өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, анын жасаган эмгектери менен мамлекеттик ишмердүүлүгү баяндалды. Анда айтылгандай, Абсамат Масалиев кыргыз саясатчыларына мамлекеттик кызматкер кандай болуш керек экендигин көрсөтө алган. Ал өлкөнү жетектеп турганда экономика кескин түрдө өсүп, курулуш тармагы алдыга жылган. Билим берүү мекемелери эки эсе көп курулуп, ири заводдор түптөлгөн.

Связанный пост