Жээнбек Кулубаев Ташкенте өтчү ШКУ ТИМ башчыларынын жыйынына катышат

 Жээнбек Кулубаев Ташкенте өтчү ШКУ ТИМ башчыларынын жыйынына катышат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ташкент шаарында өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйын үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда өтөт.

Жыйында ШКУнун Самарканд саммитинин (ушул жылдын 15-16-сентябры) даярдоо, анын күн тартиби, уюмдун алкагында кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо, ошондой эле актуалдуу глобалдык жана регионалдык маселелер боюнча пикир алмашуу пландаштырылууда .

Ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы алдыда боло турган иш-чаранын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө ниеттенүүдө.

Связанный пост