Кыргызстанда жарандардын пенсиялык курагы жогорулатылбайт

 Кыргызстанда жарандардын пенсиялык курагы жогорулатылбайт

Кыргызстанда жарандардын пенсиялык курагы жогорулатылбайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө пенсиялык реформа жыйынтыкталды.

“Документтерди макулдашууга тиешелүү ведомстволорго жөнөтүлгөн. Глобалдык өзгөртүүлөр жок, пенсиялык курак мурдагыдай эле калат. Реформада бир гана пенсия алуу үчүн документтерди чогултууну жеңилдетүү каралды”, – деди ал.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-июлуна карата өлкөдө 728 миң 164 адам пенсия алат. Кыргызстанда пенсияга аялдар 58, эркектер 63 жашында чыгат.

Связанный пост