Элчи Дастан Дюшекеев Нур-Султан шаарындагы мекендештер менен жолугушту

 Элчи Дастан Дюшекеев Нур-Султан шаарындагы мекендештер менен жолугушту

2022-жылы 23-июлда Кыргызстандын Казакстандагы укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Нур-Султан шаарындагы Шанхай базарында иштеген мекендештер менен жолугушту.

Мекендештер менен болгон жолугушууда, Элчи Д.Дюшекеев Казакстан Республикасында иштеп жаткан жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Элчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, Кыргызстандан текстиль продукциясын эспорттоо мүмкүнчүлүгүн кеӊейтүү маселесин талкуулады. Ошондой эле Казакстанда жашаган Кыргызстандын жарандарыныны достугун жана биримдигин чыӊдоого багытталган маданий жана башка иш-чараларды биргелешип өткөрүү максатында мекендештердин достук тобун түзүүнү сунуштады.

Жолугушуунун соӊунда Элчи мекендештердин суроолоруна жооп берип, Элчилик тарабынан көрсөтүлүүчү консулдук кызматтардын айрым аспектилери тууралуу маалымат берди.

Связанный пост