Images

Коом

Бишкектин отун базаларындагы көмүрдүн баасы жана запасы көзөмөлдөнүүдө

Бишкектин отун базаларындагы көмүрдүн баасы жана запасы көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет. Маалыматка ылайык, Ленин районунун акимиаты Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын инспекторлору, Ленин райондук ички иштер башкармалыгы жана Мамлекеттик салык кызматынын аталган району боюнча башкармалыгы менен биргеликте Ленин районундагы отун базаларында көмүрдүн баасына жана запастарына мониторинг жүргүзүштү. Анда катуу отунга көмүрдүн баасынын өсүшүнө […]Читать далее

Саясат

Алмаз Имангазиев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

“Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Имангазиев Алмаз Кулубекович КР тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.Читать далее

Саясат

Улукбек Марипов ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейн жана Египеттеги элчиси

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Марипов Улукбек Асамидинович Эр-Рияд шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Бахрейн Королдугундагы жана Египет Араб Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.Читать далее

Саясат

Азизбек Мадмаров Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Мадмаров Азизбек Маматович Кыргызстандын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.Читать далее

Коом

Бишкекте биринчи Элдик курултай уланууда

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан биринчи Элдик курултай өз ишин улантууда. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда. Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат. Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын […]Читать далее

Саясат

Элдик Курултайдын биринчи күнү жыйынтыкталды

Бишкекте Кыргыз Респ­убликасынын Президен­ти Садыр Жапаровдун катышуусунда Биринчи Элдик Курултай өтүп жатат. Бүгүн, 25-но­ябрда, анын ишинин биринчи күнү болуп өт­тү. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан миңден ашык делегат, ошондой эле чет өлкө­лөрдө жашаган мигран­ттардын жана диний конфессиялардын өкүлд­өрү катышты. Жыйындын башында Кур­ултайдын кыргыз мамл­екеттүүлүгүнүн түптө­лүшүндөгү тарыхый ро­лу жана өлкөнүн акыр­кы эки жылдагы социа­лдык-экономикалык өн­үгүүсүнүн негизги жы­йынтыктары […]Читать далее

Билим

ЖРТ: Бүгүн кошумча каттоо жүргүзүлөт

Бүгүн, 25-ноябрда тест борборлорунун базасында саат 13:00дөн 17:00 гө чейин абитуриенттерди кошумча каттоо жүргүзүлөт. Ал эми жалпы республикалык тестирлөө (ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн) 26-27-ноябрда өтөт. Тестирлөө борборлору: 1. Бишкек шаарындагы №72 орто мектеби; 2. Бишкек шаарындагы №95 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясы; 3. Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейи. Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же […]Читать далее

Саясат

Акылбек Жапаров: Биринчи Элдик курултай мамлекеттүүлүгүбүздү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууга

Жети миллион калкы бар мамлекетибиздин биримдигин чыңдоого бардык күчүбүздү жумшайбыз. Келечекте биз туулган жерибиздин ар бир метри үчүн күрөшө турган муунду тарбиялайбыз. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Биринчи Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Министрлер Кабинетинин башчысы Биринчи Элдик Курултай мамлекеттүүлүгүбүздүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, ар бир делегат элдин үнүн жеткире алат деген ишенимин […]Читать далее

Маданият

Опера жана балет театрынын декабрь айындагы репертуары

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын 2022-жылдын декабрь айындагы репертуары. 2-декабрь. Малахит залы. Операнын солисти, Эл аралык сынактардын лауреаты Ирина Рыбинанын жеке концерти. Башталышы 18:00. 3-декабрь. Опера ырчысы, СССРдин эл артисти Токтонаалы Сейталиевдин туулган күнүнүн 85 жылдыгына арналган гала-концерт. Башталышы 18:00. 4, 6, 7 -декабрь. Дүйнөлүк премьера! Балет сенсациясы «Genesis»! Башталышы […]Читать далее

Спорт

Кыргызстандык гимнаст кыздар Грузияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медалга

Көркөм гимнастика боюнча “Ынтымак” спорт мектебинин окуучулары Аяна Токушева жана Даткайым Жүзүпбекова 19-23-ноябрь күндөрү Тбилиси шаарында (Грузия) өткөн «NEW LOOK International Cup 2022» аталышындагы өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеште 2 алтын медаль жеңишти. Ошондой эле, Аяна Токушова «Мисс Грейс» наамын алды. Мелдешке 14 мамлекеттен (Кыргызстан, Грузия, Азербайджан, Эстония, Украина, Израил, Өзбекстан, Казакстан, АКШ, БАЭ,Кувейт, Туркия, […]Читать далее