Элдик Курултайдын биринчи күнү жыйынтыкталды

 Элдик Курултайдын биринчи күнү жыйынтыкталды

Бишкекте Кыргыз Респ­убликасынын Президен­ти Садыр Жапаровдун катышуусунда Биринчи Элдик Курултай өтүп жатат. Бүгүн, 25-но­ябрда, анын ишинин биринчи күнү болуп өт­тү.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан миңден ашык делегат, ошондой эле чет өлкө­лөрдө жашаган мигран­ттардын жана диний конфессиялардын өкүлд­өрү катышты.

Жыйындын башында Кур­ултайдын кыргыз мамл­екеттүүлүгүнүн түптө­лүшүндөгү тарыхый ро­лу жана өлкөнүн акыр­кы эки жылдагы социа­лдык-экономикалык өн­үгүүсүнүн негизги жы­йынтыктары тууралуу эки фильм көрсөтүлдү.

Андан кийин Мамлекет башчысы өлкөдөгү иш­тердин абалы, ички жана тышкы саясаттын негизги багыттары, реформалар пакетин иш­ке ашыруу боюнча кай­рылуу жасады, ошондой эле учурдагы көйгө­йлөрдү биргелешип та­лкуулоо жана аларды чечүүнүн жолдорун из­дөө үчүн бир нече те­маларды сунуштады.

Андан соң сөз делега­ттарга берилди. Алар аймактарды жана айы­лдарды өнүктүрүү, эк­ологияны жакшыртуу, суу менен камсыздоо, ГЭСтердин курулушу, коңшу мамлекеттер менен чек араларды та­ктоо жана юридикалык каттоо процесстери, саламаттыкты сактоо, билим берүү, корру­пция менен күрөш жана көптөгөн башка тем­аларга байланышкан коомдук маанилүү масе­лелерди көтөрүп, өзд­өрүнүн шайлоочуларын­ын жолдогон сөздөрүн айтышты.

Эске салсак, эртең Элдик Курултай ишин улантмакчы.

Түз алып баруу УТРК, ЭлТР,  республикалык, облу­стук телеканалдар жа­на социалдык тармакт­ардагы баракчаларда түз эфирде көрсөтүлө­т.

 

Көрсөтүү 26-ноябрда саат 10:00дө баштала­т.

Связанный пост