Кыргызстандык гимнаст кыздар Грузияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болушту

 Кыргызстандык гимнаст кыздар  Грузияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болушту
Көркөм гимнастика боюнча “Ынтымак” спорт мектебинин окуучулары Аяна Токушева жана Даткайым Жүзүпбекова 19-23-ноябрь күндөрү Тбилиси шаарында (Грузия) өткөн «NEW LOOK International Cup 2022» аталышындагы өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеште 2 алтын медаль жеңишти. Ошондой эле, Аяна Токушова «Мисс Грейс» наамын алды.
Мелдешке 14 мамлекеттен (Кыргызстан, Грузия, Азербайджан, Эстония, Украина, Израил, Өзбекстан, Казакстан, АКШ, БАЭ,Кувейт, Туркия, Армения) келген 600 дөн ашык спортчу катышты.
Кыргызстандан жалпы 6 спортчу катышты.

Связанный пост