Galleries

Коом

Баткенде чуркоо боюнча мелдеш өттү

Бүгүн 1-майда Баткен шаарында кыз-келиндер жана эркектер арасында чуркоо боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Спорттук иш чара калк арасында сергек жашоо образын калыптандыруу максатында 1-май эмгекчилердин Эл аралык майрамына жана Кыргыз сомунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулду. Иш чара КРнын Президентинин Баткен […]Читать далее

Коом

Бишкектен Москвага кошумча жаңы авиакаттам ачылды

2023-жылдын 30-апрелинде «Манас» эл аралык аэропортунда «Аэро Номад» авиакомпаниясынын Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча биринчи туруктуу каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Натыйжада Бишкектен Москвага үзгүлтүксүз каттамдардын саны көбөйдү. Авиакаттамдар Airbus 320 учагы менен жумасына эки жолу – шаршемби жана жума күндөрү Внуково аэропортуна аткарылат. Маалымат катары: Авиакомпания Бишкек жана Ош шаарларынан төмөнкү багыттарга туруктуу жана чартердик каттамдарды […]Читать далее

Коом

Ошто эмгекчилер күнүнө карата жөө жүрүшү өттү 

Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата Ош шаарындагы муниципалдык мекеме- ишканалардын, уюмдардын жана жогорку окуу жайлардын эмгек жамааттарынын жөө жүрүшү болуп өттү. Бул тууларуу Ош шаарынын мэриясынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Катышуучулар «Өчпөс от» мемориалдык комплексинен, шаардын борбордук аянты аркылуу С.Ибраимов атындагы Ош улуттук Кыргыз драма театрына чейин жөө басып өтүштү. […]Читать далее

Коом

Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүндө 2 мектептин курулушу башталды

Жогорку Кеңештин депутаттары Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма жана Бирдик айылдарына курула турган мектептердин пайдубалына капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Эки айылга 275 окуучуга ылайыкташкан, бардык шарттары менен типтүү мектеп курулмакчы. Курулуштун ар биринин сметалык наркы 94 млн сомду түзөт жана мектеп 2024-жылдын акыркы […]Читать далее

Аймак

Каракол капчыгайына 2700 көчөт отургузулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен “Жашыл мурас” улуттук долбоорунун алкагында 29-апрелде ишембиликке Каракол капчыгайына Кыргыз Республикасынын Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын, Ысык-Көл облустук микрокредиттик агенттигинин жана “Каракол” мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери тарабынан Каракол капчыгайына 3.70 га […]Читать далее

Коом

Ош шаарында жазгы жеңил атлетика боюнча жарышка 3 миңге жакын

Бүгүн Ош шаарында борбордук аянтында ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоону жайылтуу максатында, жеңил атлетика боюнча массалык жарыш болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Анын ачылышына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитенинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы тоо туризмин өнүктүрүү долбоорлору менен

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Каракол шаарында тоо туризминин инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты. Ал ошондой эле саатына 250 жүргүнчүнү кабыл ала турган «Каракол» эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексинин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшүн карап чыкты. Мамлекет башчысына учурда курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатканы боюнча маалымат берилди. Аэровокзалдын аянты 8 миңге жакын чарчы метрди түзөт. […]Читать далее

Министрлер кабинети

МинКаб Төрагасы билим берүү мекемелеринде жардыруучу зат коюлгандыгы жөнүндө жалган

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров мамлекеттик ведомстволордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен (видеоконференция режиминде) коомдук жайларда жана билим берүү мекемелеринде жардыруучу заттар коюлгандыгы жөнүндө жалган малымат тараткандар боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы угулду. Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Улан […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы бир катар социалдык-экономикалык долбоорлордун курулушунун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Ысык-Көл облусундагы бир катар социалдык-экономикалык долбоорлордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысы саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган жаңы уникалдуу аэровокзал комплексин куруу боюнча учурда чаралар көрүлүп жаткан «Ысык-Көл» (Тамчы) эл аралык аэропортун карап чыкты. Садыр Жапаровго азыр иштеп жаткан аэровокзал 2003-жылы курулуп, учурда жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүн көтөрө […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Э. Гареев атындагы Ботаникалык багында өткөн

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Э. Гареев атындагы Ботаникалык багында өткөн ишембиликке катышты. МинКаб башчысы ошондой эле Ботаникалык бактын азыркы абалы менен таанышып чыкты жана аны реконструкциялоо боюнча пландарды укту. Белгилей кетсек, ишембилик Президенттин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү […]Читать далее