Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы бир катар социалдык-экономикалык долбоорлордун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Ысык-Көл облусундагы бир катар социалдык-экономикалык долбоорлордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысы саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган жаңы уникалдуу аэровокзал комплексин куруу боюнча учурда чаралар көрүлүп жаткан «Ысык-Көл» (Тамчы) эл аралык аэропортун карап чыкты.

Садыр Жапаровго азыр иштеп жаткан аэровокзал 2003-жылы курулуп, учурда жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүн көтөрө албай калганы айтылды.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун модернизациясы аяктаса, аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртат жана өлкөнүн облустарын бириктирген ички авиакаттамдарды калыбына келтирет. Ошондой эле чет өлкөлөрдөн туристтердин агымын тартууга жана көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Президент Садыр Жапаров эл аралык жарандык авиациянын бардык талаптарына жооп бергендей болсун, деп, ушул аэропорттун модернизациялоо боюнча иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Ушул эле жерде Мамлекет башчыга “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жолунун учурдагы курулуш иштери боюнча, атап айтканда, Балыкчы-Кочкор темир жол тилкесинде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Курулуш иштери 2022-жылдын 31-мартында башталган.

Бүгүнкү күндө 5,9 км жер асты катмары курулуп, 5,0 км жолдун үстүнкү курулмасын төшөө иштери аяктады. Ошол эле учурда 5,1ден 5,9га чейин жолдун төмөнкү курулмасы жерлештирүү, майдаланган таш менен толтуруу, 7,2ден 8,4 чакырымга чейин жер иштери улантылууда. 2023-жылга 15 жана андан көп км жолду куруу пландалууда.

Мамлекет башчысы курулуш иштеринин темпин басаңдатпоо үчүн бардык чараларды көрүүнү жана ошол эле учурда аларды сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, жакынкы мезгилде капсула салынышы пландалып жаткан Асман шаарынын курулуш долбоору менен таанышты. Бул эко-шаарда алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулары айтылды.

Мындан башка Садыр Жапаров “Ысык-Көл” Эл аралык аэропортуна жакын жайгашкан “Тамчы” эркин экономикалык аймагы түзүлө турган жерге да барды. Келечекте бул аймакта өндүрүштүк жайлар, туристтик комплекстер жана башка объекттер жайгаштырылат, бул чет элдик коноктордун көп агымын кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Ошону менен бирге Президент туризм кластеринин курамына кирген спорттук туризм комплексинин курулушу менен таанышты. Негизги басым спорттук жана ден соолукту чыңдоо туризмин өнүктүрүүгө жасалат. Бул комплекс Ысык-Көлдүн жээгинде кызыктуу жана сапаттуу эс алууга шарт түзөт.

Связанный пост