Ак-Суу районундагы алыскы жайыттарга барчу жолдор оңдолууда. Бул тууралуу КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кфызматы маалымдады. Ысык-Көл облусунун жетекчиси Илияз Иманбетовдун тапшырмасына ылайык Ак-Суу районунун Кызыл-Кыя жана Чымынды-Сай жайлоосунда 8 айыл өкмөтүнүн малчылары бара турган 28 чакырым жол, Чоң-Булак жайлоосундагы жолдор оӊдоп түзөөдөн өтүүдө. Оӊдоп түзөө иштерине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан күйүүчү […]Читать далее
Нарын шаарынын аймагында жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен ээлеп алган учурларды аныктоо жана аны болтурбоо боюнча иш аракеттерди алып баруу уланып жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Жарандарга мыйзамсыз курулуштарды бузуу жана уруксаты жок тосуп албоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз курулуш бар тургундарга бузуу боюнча билдирүүлөр берилип, бузуу иштери алынып […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Боз-Бармак айылында жалпы орто билим берүү мектебинин курулушуна капсула салды. МинКаб башчысы белгилегендей, жыл аягына чейин республика боюнча 204 мектеп жана 49 бала бакчанын курулушун аяктоо пландаштырылууда. “Бул мектептин бүтүрүүчүлөрү келечекте чыгаан окумуштуу, дарыгер, инженер, жазуучу болуп чыгып, өлкөбүзгө дүйнөлүк […]Читать далее
Бакыт Төрөбаев: Мамлекет этап-этабы менен полиэтиленден экологиялык жактан таза кагазга
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Бишкек шаарындагы Санитардык-гигиеналык кагаз чыгаруучу “ИФА” заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Өндүрүш ишканасынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышкан Бакыт Төрөбаев Президенттин тапшырмасына ылайык, айлана-чөйрөгө жана адамдардын саламаттыгына зыян келтирген желимден жасалган буюмдардан экологиялык жактан таза кагаздан жасалган буюмдарга өтүүнү Министрлер Кабинети этап-этабы менен жүрүзөөрүн билдирди. “Экологиялык жактан таза […]Читать далее
МинКаб Төрагасы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ишин
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жыйын өткөрүп, министрликтин жетекчилигинин алдына бир катар артыкчылыктуу милдеттерди койду. Жыйын министрликтин I кварталдагы ишинин жыйынтыгы боюнча отчет берүү менен башталды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев өз ишмердүүлүгүндөгү 3 негизги багытка […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарында курулуп жаткан жана үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин бүткөрүлө турган социалдык объектилер менен жеринен таанышты. Анын жүрүшүндө шаар башчысы иштин сапатына жана курулуш убактысына өзгөчө көңүл бурууну тапшырып, аталган имараттар курулуп жаткан башка социалдык мекемелерге үлгү болушу керектигин баса белгиледи. Бакытбек Жетигенов ошондой эле, «Амир-Тимур» МАБнын 100 орундуу […]Читать далее
“Дордой” жаңы конушунда бала бакчанын курулушу уланууда. Учурда подрядчы тарабынан курулуш-монтаждоо иштери, имараттын ички жасалгасы, откананы монтаждоо иштери бүткөрүлдү. Жер участогунун аянты 0,57 га, ал эми жайдын аянты 1600 чарчы метр. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга эсептелген эки блоктон турат. Имаратта уктоочу, оюн-зоок, кампа, ашкана, жуунуу, медициналык кабинет, кызматкерлер бөлмөсү, кампалар жана техникалык […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имаратын
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имаратынын ачылышына катышты. Өлкөнүн киберкоопсуздугун камсыздай турган заманбап борбор эл аралык стандарттарга жооп берген акыркы технологиялык жабдуулар, аппараттык жана программалык камсыздоо системалары менен жабдылган. Бул багытта тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн бардык зарыл шарттары түзүлгөн. Борбор киберкоопсуздукту камсыздоо, […]Читать далее
Бүгүн, 13-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда өткөн ISSYK KUL ITF-2023 эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкесине күбө болду. Бул тууралуу КРнын ЖКнин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Быйылкы туристтик мезгилдин ачылышына карата уюштурулган иш-чарага туризмди өнүктүрүү багытында иш алып барган мамлекеттик мекемелердин, эл […]Читать далее
Бүгүн, «Ош суу канал» муниципалдык ишканасынын №3-7 насостук станциясында ар биринин жалпы көлөмү 6 миң метр кубду түзгөн төрт суу кампасын куруу иштери башталды. Жерди бургулоо жана куруу иштери менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринен таанышып чыкты. Бул багытта аталган ишканага курулуштун сапатын көзөмөлгө алуу, жумушту белгиленген мөөнөттө бүткөрүү талабы коюлду. Ошондой эле, шаар […]Читать далее