Ошто Эгемендүүлүк күнүнө карата 3 бала бакча, 2 мектеп жана бир медициналык борбор пайдаланууга берилет

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарында курулуп жаткан жана үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин бүткөрүлө турган социалдык объектилер менен жеринен таанышты.

Анын жүрүшүндө шаар башчысы иштин сапатына жана курулуш убактысына өзгөчө көңүл бурууну тапшырып, аталган имараттар курулуп жаткан башка социалдык мекемелерге үлгү болушу керектигин баса белгиледи.

Бакытбек Жетигенов ошондой эле, «Амир-Тимур» МАБнын 100 орундуу бала бакчасынын, «Манас-Ата» МАБнын №27 XХIV партсъезд атындагы мектебинин 500 орундуу кошумча имаратынын, Керме-Тоо айылындафы 100 орундуу бала бакчанын, Жапалак айылындагы №31 «Курманжан-Датка» атындагы мектебинин 225 орундуу кошумча окуу имаратынын жана спорт залынын, Ак-Тилек кичи районундагы 75 орундуу бала бакчанын, №5 ҮМБнун филиалынын курулуш иштери менен таанышып, кыдырып чыкты.

Аталган курулуштардын бардыгы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилет.

Ошондой эле имараттарга жанаша жайгашкан аймактардын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулат.

Белгилей кетсек, имараттардын ишке кириши менен шаарыбыздын жаш тургундарынын билим алуусу үчүн шарттар жакшырат.

Связанный пост