Акылбек Жапаров мектептин курулушуна капсула салды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Боз-Бармак айылында жалпы орто билим берүү мектебинин курулушуна капсула салды.

МинКаб башчысы белгилегендей, жыл аягына чейин республика боюнча 204 мектеп жана 49 бала бакчанын курулушун аяктоо пландаштырылууда.

“Бул мектептин бүтүрүүчүлөрү келечекте чыгаан окумуштуу, дарыгер, инженер, жазуучу болуп чыгып, өлкөбүзгө дүйнөлүк атак-даңк алып келет деп ишенем”, – деген Акылбек Жапаров, мектептин курулушу күзгө чейин бүтөөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, бул мектептин ачылышы менен 3 чакырымдан ашуун алыс жайгашкан коңшу айылда буга чейин билим алып келген мектеп жашындагы балдарды камтууга шарт түзөт.

Андан ары МинКаб башчысы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы ичүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоонун жүрүшү менен таанышты.

Белгилей кетсек, райондун жашоочулары ичүүчү суунун жоктугу боюнча бир нече ирет кайрылышкан, ага байланыштуу ичүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоого республикалык бюджеттен 68 млн сом бөлүү чечими кабыл алынган.

Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан 200 метр тереңдиктеги артезиан скважинасы казылып жатат, оңдоо иштери аяктагандан кийин 4 500дөн ашуун адам таза суу менен камсыз болот.

Связанный пост