МинКаб Төрагасы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ишин сынга алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жыйын өткөрүп, министрликтин жетекчилигинин алдына бир катар артыкчылыктуу милдеттерди койду.

Жыйын министрликтин I кварталдагы ишинин жыйынтыгы боюнча отчет берүү менен башталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев өз ишмердүүлүгүндөгү 3 негизги багытка токтолуп, министрликтин 2023-жылга карата максаттарын жана милдеттерин белгиледи.

Өз кезегинде МинКаб Төрагасы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ишин сынга алды.

МинКаб башчысы бир жыл мурда министрликке жүктөлгөн тапшырмалар “толук аткарылган жок” деп белгиледи.

“Министрликте министрдин 6 орун басары бар, бирок ким эмне менен алек экени азырынча белгисиз. Сиздерге республиканын бардык жаратылыш ресурстарына мониторинг жүргүзүү жана эсепке алуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча далилдүү тапшырма берилген, бирок мен бул иштин жыйынтыгын көрбөй жатам. Бизде “жер астында жана жер үстүндө” эмне бар экенин билишибиз керек, жердин 3D картасы иштелип чыгышы керек, өлкөнүн суу жана жер ресурстарынын, жаныбарлардын, керек болсо ар бир дарактын эсеби болушу керек. Жерибизде жашагандардын бардыгын инвентаризациялоо, экологиялык стандарттарды иштеп чыгуу, техникалык нормаларга ылайык келтирүү зарыл. Баардыгында эсеп болушу керек, тартипке салыңыз, бул үчүн 30 күн убакытыңыз бар”, – деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал 30-майда Бишкекте Суу форуму өтөөрүн, анда Кыргыз Республикасы маанилүү демилгелерди сунуштаарын кошумчалады.

“Бул форумду жеке көзөмөлүңүзгө алыңыз. Форумдун мазмунуна жоопкерчиликтүү мамиле жасап, жогорку уюштуруу деңгээлинде өткөрүүнү суранам”, – деп тапшырма берди МинКаб башчысы.

Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров министрликтин алдына бир катар протоколдук тапшырмаларды койду, анын жыйынтыгы менен 2023-жылдын аягына чейин “министрликтин мындан аркы иштеши боюнча тыянак чыгарылаарын” белгиледи.

Связанный пост