Ак-Суу районундагы алыскы жайыттарга барчу жолдор оңдолууда

Ак-Суу районундагы алыскы жайыттарга барчу жолдор оңдолууда. Бул тууралуу КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кфызматы маалымдады.
Ысык-Көл облусунун жетекчиси Илияз Иманбетовдун тапшырмасына ылайык Ак-Суу районунун Кызыл-Кыя жана Чымынды-Сай жайлоосунда 8 айыл өкмөтүнүн малчылары бара турган 28 чакырым жол, Чоң-Булак жайлоосундагы жолдор оӊдоп түзөөдөн өтүүдө. Оӊдоп түзөө иштерине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан күйүүчү майлоочу каражаттар, тиешелүү айыл өкмөттөрү тарабынан жергиликтүү бюджеттен акча каражаттар бөлүнүүдө, ал эми жайыт комитеттеринин техникалары иш алып барууда. Аталган иштин жүрүшү менен район жетекчилиги жеринде таанышты.

Связанный пост