Galleries

Коом

Мэрия: КР Маданият министрлиги борбор шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Шаарды көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын Маданият, спорт, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык протокол түзүлдү. Ошондой эле, ушул эле берене боюнча жазалар «Эмгек резерви» Республикалык маданият жана спорт […]Читать далее

Коом

Борбор калаада жарнама такталарын алуу иштери уланууда

Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тышкы жарнакты иретке келтирүү боюнча рейддерди өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Алсак, Аалы Токомбаев, Байтик баатыр көчөсүнөн баштап Лев Толстой көчөсүнө чейин жарнамалык конструкцияларга демонтаж иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 40 объект алынды. Абдрахманов, Байтик Баатыр көчөсү бойбой Ахунбаев көчөсүнө чейин  өз билемдик менен орнотулган 16 жарнама мамычасы […]Читать далее

Медицина

Франция Кыргызстанга COVID-19дан Pfizer вакциналарын өткөрүп берди

Бүгүн, 2023-жылдын 6-апрелинде Франция Өкмөтү Pfizer компаниясынын COVID-19га каршы вакцинасынын 20 160 доза  вакцинасын өткөрүп берди. Бул эмдөөдөн өткөн калк үчүн бустердик дозаларды берүүгө багытталган COVAX глобалдык демилгесинин бир бөлүгү. Вакциналарды өткөрүп берүү боюнча иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм, Франциянын Кыргызстандагы элчиси […]Читать далее

Коом

«Кыргыз темир жолу»: 2022-жылы 270 миңге жакын жүргүнчү жана 8

«Кыргыз темир жолу» УК» МИ 2022-жылы технологиялык процесстин талаптарына ылайык жүк ташуу иштерин жүргүзгөн. Алсак, 2022-жылы 8022,0 миң тонна жүк ташылып, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 361,5 миң тоннага көбөйгөн. Жүк ташуунун көбөйүшүнүн факторлорунун бири болуп, компаниянын 2021-2022-жылдары 100 жүк ташуучу жартылай вагон сатып алуусу саналат, алар Кыргыз Республикасына келгенден кийин дароо ишке киргизилген. Ошондой эле «Кыргыз […]Читать далее

Коом

Баткенде Суу-Башы каналынын курулушу жүрүүдө

Баткен районунун Кара-Булак айылында Суу-Башы каналынын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет. Курулуштун жүрүшүнөн КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кабар алды. Узундугу 2,5км болгон канал жергиликтүү эл жана бей өкмөт уюмдардын биргелешкен аракети менен курулууда. Курулушка “Дүйнөлүк Эмират” кайрымдуулук уюму тарабынан 55миң […]Читать далее

Эл аралык мамилелер

Сербиянын Биринчи вице-премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

2023-жылдын 5-апрелинде Сербия Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Тышкы иштер министри Ивица Дачич Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди. «Манас» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев тосуп алды. Сапардын алкагында кыргыз-серб кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулоо максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаевдин серб кесиптеши менен жолугушуусу болот.Читать далее

Министрлер кабинети

Минкаб башчысы инвестиция тартуу боюнча бир катар эл аралык сүйлөшүүлөрдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров аймакка жасаган жумуш сапарынан кийин видеоконференция режиминде бир катар  эл аралык сүйлөшүүлөрдү жана жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Алдыңкы банктык корпорациялардын, инвестициялык фонддордун жана консалтингдик фирмалардын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы экономиканы өнүктүрүү боюнча улуттук долбоорлорго инвестиция тартуу болду. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын маектештери, аларды өлкөнүн динамикалуу өнүгүп жаткан экономикасы жана эл аралык […]Читать далее

Министрлер кабинети

Минкаб Төрагасы Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна келди. Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясын курууга капсула салууга катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдаланууда Кыргыз Республикасынын потенциалы жеткиликтүү деңгээлде ишке ашырылбаганын белгиледи. “Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүзгө карабастан, биз күн […]Читать далее

Коом

Бишкекте быйыл 26 гектар аянтка скверлерди жана эс алуу жайларын

Бүгүн Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиевдин төрагалыгы алдында экологиялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, КРнын Экология министрлигине караштуу мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле ЖОЖдордун жана «Арча демилгеси», «Жашылдандыруу» коомдук фонддорунун жана “Эко деми”, “Бишкек смог” уюмдарынын өкүлдөрү катышты. […]Читать далее

Коом

Бишкекте башаламан таштандыларды таштагандарга айып пул салына баштады

Көрктөндүрүүнү көзөмөлү боюнча инспекциясы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте башаламан таштандыларды таштоо фактыларын аныктоо боюнча түнкү рейддерди улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 2 күндүн ичинде үч район боюнча 6 тартип бузуучу аныкталып, 45 миң сом айып пул салынды. Ишкананын чыныгы көйгөйү өнөр жай таштандыларын акы төлөбөстөн, тымызын, көбүнчө түн ичинде […]Читать далее