Минкаб башчысы инвестиция тартуу боюнча бир катар эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров аймакка жасаган жумуш сапарынан кийин видеоконференция режиминде бир катар  эл аралык сүйлөшүүлөрдү жана жумушчу жолугушууларды өткөрдү.

Алдыңкы банктык корпорациялардын, инвестициялык фонддордун жана консалтингдик фирмалардын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы экономиканы өнүктүрүү боюнча улуттук долбоорлорго инвестиция тартуу болду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын маектештери, аларды өлкөнүн динамикалуу өнүгүп жаткан экономикасы жана эл аралык инвестициянын олуттуу көлөмүн өздөштүрүү боюнча республиканын потенциалынын кыйла жогорулаганы кызыктырып жатканын белгилешти.

Акылбек Жапаров “акыркы эки жылда Кыргыз Республикасы өнүгүүгө карай туруктуу багыт алды” деп билдирди.

Видеоконференцияга катышкан тараптардын ар бири менен жакынкы апталарда жеке жолугушуу форматында сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 5-апрелде жумуш сапары менен Нарын жана Ысык-Көл облустарында болгон Министрлер Кабинетинин Төрагасы энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрдү, ошондой эле бир катар өнөр жай жана өндүрүш ишканаларынын курулуштары менен таанышты.

 

 

Связанный пост