Мэрия: КР Маданият министрлиги борбор шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Шаарды көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Маданият, спорт, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык протокол түзүлдү. Ошондой эле, ушул эле берене боюнча жазалар «Эмгек резерви» Республикалык маданият жана спорт борборуна да тиешелүү. Эки уюмга тең 13 миң сомдон айып пул салынат.

Материалдар административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.

Урматтуу шаар тургундары! Санитардык нормаларды, көрктөндүрүү эрежелерин сактоону суранабыз. Болбосо, инспекция бузуунун түрүнө карабастан протоколдорду түзөт.

Связанный пост