Сербиянын Биринчи вице-премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

2023-жылдын 5-апрелинде Сербия Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Тышкы иштер министри Ивица Дачич Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев тосуп алды.

Сапардын алкагында кыргыз-серб кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулоо максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаевдин серб кесиптеши менен жолугушуусу болот.

Связанный пост