Минкаб Төрагасы Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр станциясын курууга капсула салды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна келди.

Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясын курууга капсула салууга катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдаланууда Кыргыз Республикасынын потенциалы жеткиликтүү деңгээлде ишке ашырылбаганын белгиледи.

“Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүзгө карабастан, биз күн жана геотермалдык энергияны, шамал энергиясын жана биогаз технологияларын толук пайдаланбай жатабыз. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жаңы технологиялары – энергиянын ишенимдүү, туруктуу жана заманбап булагы болуп саналат. Бул керектөөчүлөр үчүн арзан, эң негизгиси айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна зыяны жок. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү – бул биздин өлкөнүн энергетика тармагынын келечеги”, – деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Ал ошондой эле күн электр станциясын куруу биринчи биргелешкен “жашыл” МЖӨ долбоору болорун кошумчалады.

“Долбоорду ишке ашырууда мамлекет бардык зарыл жардамдарды көрсөттү: жер тилкеси бөлүнүп, ченемдик укуктук актылар даярдалып, кол коюлуп, каржылоо булактары аныкталды. Электростанциянын курулушуна баары даяр”, – деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы.

Белгилей кетсек, кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр станциясын куруу боюнча келишимге Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунда кол коюлган (Бишкек ш., 29.03.2023-ж.).

Долбоорду кыргызстандык “Бишкек Солар” жана орусиялык “Юнигрин энерджи” компаниялары ишке ашырат. Инвестициянын көлөмү 300 млн АКШ долларын түзөт, электростанциянын курулушу жана эксплуатацияланышы менен 500дөн ашуун жумуш оруну түзүлөт.

 

 

Связанный пост