Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

 Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

 Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын тышкы иштер министринин м.а. Владимир Норов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маектин жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-өзбек мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Кулубаев менен Норов эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашышкан.

“Алдыда боло турган тышкы саясий иш-чараларга, БА жана ШКУ ТИМК, анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында боло турган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын 4-консультативдик жолугушуусуна катышуусу, ошондой эле эң жогорку деңгээлдеги иш сапардын уюштурулушу боюнча сааттарды тууралашты”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост