Ошто социалдык тармактарда террористтик уюмга таандык материалдарды тараткан жаран кармалды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Кара-Суу райондук милициясы тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда өздүгү белгисиз болгон жаран Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынган террористтик уюмга таандык деп шек жараткан материалдарды активдүү түрдө жайылтып жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган. Аталган маалымат каттоого алынып, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Лейлек районунун Арка массивин сугат суу менен камсыздаган Кайракум суу сактагычындагы насостук станциянын иши менен таанышты. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, насостук станция 1982-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. 42 жылдан бери райондун Арка өрөөнүн сугат суу менен камсыздап […]Читать далее
Абдулазиз кары Закиров Кыргызстан муфтийи болду. Муфтияттан билдиришкендей, Закиров Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи кызмат ордуна бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын VIII кезексиз курултайында бекитилди. Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү – үч уул, бир кыздын атасы. Билими: 1993-1998-жылдары […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кыскача маегинде санариптештирүүнүн артыкчылыктары тууралуу пикирин билдирди. — Сиздин дайыма планшет же ноутбук колдонгонуңузду көрүп жүрөбүз. Айрым жарандардын “колунан планшети түшпөйт” деп сындап калганын да угабыз. Планшетти качантан бери колдоносуз жана анын кандай артыкчылыктары бар? — 2007-2008-жылдардан бери колдоном. Ал кезде интернетке кирип туруш үчүн көбүнчө Айфон […]Читать далее
“Санарип аймак” программасынын негизинде Баткен облусунун айыл өкмөттөрүндөгү чарба китептер электрондук чарба маалымат базасына киргизилүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облус боюнча 586 миң 148 калк жашаса, санарип аймак тутумуна катталган жарандар 460484 же 78,56 % көрсөткүчтү түзөт. Ал эми жалпы үй-чарбаларынын саны 80 миң 7 болсо, анын баары санарип аймак тутумуна […]Читать далее
Акылбек Жапаров кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун жыйынтыгы боюнча ЖМКларга
Анкара шаарына (Түркия Республикасы) расмий сапар менен келген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-отурумунун жыйынтыгы боюнча Жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасады. Анда МинКаб Төрагасы төмөнкүлөрдү белгиледи: “Урматтуу Вице-президент, Урматтуу журналисттер, Бүгүн Түркия Республикасынын Вице-президенти, менин кымбаттуу […]Читать далее
Кыргызстан Түркияга 400 тонна кыргыз жаңгагын экспорттойт. Мындай макулдашууга эки өлкөнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынынын жыйынтыгында жетишилди. Отурум 9-февралда Анкара шаарында өттү. КР Экономика жана коммерция министрлигинин Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков билдиргендей, түзүлгөн келишимдин негизинде жаңгактын алгачкы тобу 15-февралда экспорт болууга даярдалууда. Белгилей кетсек, отурумдун ишине […]Читать далее
Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Өзгөрүш айылындагы Козу-Баглан дарыясына “Лейлек” ГЭСи курулууда. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары,айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аталган объектке барды. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, “Кыргыз-Каганат” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуп жаткан ГЭСтин кубаттуулугу 5,9 МВт. Долбоорду ишке ашыруу […]Читать далее
Анкара шаарында (Түркия Республикасы) Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны өттү. Алгач Түркия Республикасынын Анкара шаарына расмий сапар менен келген Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз Түркия Республикасынын Президентинин сарайында салтанаттуу азем менен тосуп алды. Атайын ардактуу кароол […]Читать далее
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жжлугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара соода тармагында кызматташууну кеңейтүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдар тармагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, министр Кулубаев АКШ элчисине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун АКШнын Мамлекеттик катчысы Э. Блинкенге […]Читать далее