Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 21-декабрында кабыл алынган. Мыйзамда биржалык аукциондук нарк тарифтик жөнгө салынууга тийиш эмес, ал эми бажы органдары тарабынан экспертизадан өткөрүү талап кылынбайт деп белгиленген. Мындан […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен облусундагы өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясы пайдаланууга берилди. Лабораториянын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышты. Мекеме заманбап лабораториялык оргтехника жана кеңсе эмеректери менен жабдылган. Баткен өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясы аймакта зыянкечтерди, илдеттерди […]Читать далее
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмү ачылат. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул тууралуу бүгүн, 9-февралда министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчилигинин төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шаянын жолугушуусу учурунда белгилүү болду. Ведомстводон белгилешкендей, жолугушуунун алкагында Алымкадыр Бейшеналиев менен шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая Эне жана баланы коргоо улуттук […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Анкара шаарына (Түркия Республикасы) болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-түрк бизнес форумуна катышты. Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров ишкерлер, эки эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелеринин негизги локомотивдери катары кызмат кылып жатканын айтып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тушунда кыргыз-түрк алакалары бардык тармактар боюнча […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясынын жыйынына катышты. Эдил Байсалов акыркы жылдары жетишилген бир катар социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү белгиледи. «Мамлекет башчы тарабынан 2024-жылга карата биздин алдыбызга коюлган негизги милдет – жумуш орундарын түзүү. Ошондуктан быйыл албетте мектептерди, социалдык объектилерди куруу, жол салуу, ирригацияны жакшыртуу иштери улантылат. […]Читать далее
2024-жылдын 22-январь күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө жаран 1983-жылы туулган С. А. арыз менен кайрылган, анда Ноокат районунун “С” жана “Ж” аттуу тургундары Ноокат-Бишкек багытындагы такси кызматын аткарган автоунаалар токтоп туруучу жайга автоунаасын коюуп, такси кызматын аткаруу үчүн акча талап кылып жаткандыгын билдирген. Аталган арыз каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Анкара шаарына (Түркия Республикасы) болгон расмий сапарынын алкагында Түркиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолукту. Маектешүүнүн жүрүшүндө МинКаб Төрагасы Кыргызстанда ар түрдүү тармактарда түрк капиталы бар 300гө жакын компания иштерин, ал ишканаларда миңдеген кыргызстандык эмгектенерин белгиледи. Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда дагы […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюуда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иштер бүгүн толугу менен аягына чыгарылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2-февралдан тарта ӨКМдин кызматкерлери ЖЭБдин ичиндеги жарылуудан аккан сууларды мотомпомпа менен сордуруу, курулуш кадыктарынан тазалоо жана ЖЭБдин имаратын жылуулоо ишин жүргүзүштү. Мындан сырткары, атайы […]Читать далее
Кыргызстанда “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик программасы аркылуу турак жай алуу үчүн кезекте тургандардын саны 19 миңге жакын. Бул тууралуу “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК башкармалыгынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов башкармалыктын ишмердүүлүгү менен таанышууга келген Жогорку Кеңештин депутатарына айтып берди. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө МИК тарабынан 15,8 млрд сомго 9 миң 346 насыя берилгенин маалымдады. “Учурда кезекте 18 966 жаран […]Читать далее
Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, көмүскө экономика республиканын ИДПсына карата 21%ды түзөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Расмий эмес маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө декларацияланбаган мүлктүн 40%га жакыны көмүскө сектордо. Көмүскө жүгүртүүнү азайтуу жана өлкөнүн экономикасына инвестицияларды көбөйтүү үчүн 2023-жылдын 6-июнунда президент Садыр Жапаров “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” […]Читать далее