Абдулазиз кары Закиров Кыргызстандын муфтийи болду

 Абдулазиз кары Закиров Кыргызстандын муфтийи болду

Абдулазиз кары Закиров Кыргызстан муфтийи болду.

 

Муфтияттан билдиришкендей, Закиров Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи кызмат ордуна бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын VIII кезексиз курултайында бекитилди.

 

Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү – үч уул, бир кыздын атасы.

 

Билими:

 

1993-1998-жылдары Түркиянын Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган;

2009-2015-жылдары Бишкек шаарындагы «Расул Акрам» ислам институтунда илим алган;

2015-2018-жылдары Укук-Бизнес жана билим берүү академиясын юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү:

 

2002-2005-жылдары Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы «Абу Бакр ас-Сыддык» медресесинин мүдүрү, «Абу Бакр» мечитинин имам-хатибинин орун басары;

2005-2008-жылдары Аламүдүн районунун баш имам-хатиби;

2008-2011-жылдары Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын 1-орун басары;

2011-2013-жылдары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби;

2012-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар кеңешинин мүчөсү (азыркы Аалымдар кеңеши);

2013-2021-жылдары Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы;

2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Связанный пост