Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылдын октябрь айынан бери 2021-22 жж Баткен жана Ош облустарында болгон окуялардын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркагандарга каралган ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү 3700 сомдон 5500 сомго чейин көтөрүлгөн. 2024-жылдын 1-февралына карата бул төлөмдөрдү 99 адам алат.Читать далее
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркияда дарыланып жаткан кыргызстандыктардан кабар алды. Белгилей кетсек, учурда Түркиянын Адана шаарындагы Мамлекеттик илимий-изилдөө ооруканасында Бишкек ЖЭБиндеги жарылуудан жана аскердик тик учактын кулашынан жабыркаган төрт кыргызстандык дарыланууда. Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул күндөрү расмий сапар менен Түркиянын Анкара шаарында жүрөт.Читать далее
Акылбек Жапаров Түркиянын “Battal Holding” компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкара шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Түркиянвн “Battal Holding” фармацевтикалык компаниясынын жетекчиси Мехмет Берат Баттал менен жолугуп, компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышты. Жолугушуунун жүрүшүндө “Battal Holding” компаниясы жаңы өнөктөштүк мамилелерди түзүү максатында Кыргызстанда инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жана саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууну түзүү маселесин карап жатканын айткан Мехмет Берат Баттал Кыргызстандын […]Читать далее
Минкаб башчысы Бишкекте Trendyol филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Анкара шаарына болгон расмий сапарынын алкагында электрондук коммерция боюнча Trendyol логистикалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Компаниянын ишмердүүлүгүн көрүп чыккан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Trendyol логистикалык борборунун өкүлчүлүгүн Кыргызстандын Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагына ачууну жана өлкөдө онлайн соода жүргүзүү ишин жандантууну карап чыгуу тапшырмасын КР экономика жана […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын “ОСТИМ” биргелешкен өнөр жай аймагынын башкаруучу кеңешинин директору Орхан Айдын менен жолукту. Жолугушуу министрлер кабинетинин төрагасынын Түркияга болгон расмий сапарынын алкагында өтүп, анда чакан жана орто ишканалардын ишмердүүлүгү тууралуу презентация берилди. Маалыматка ылайык “ОСТИМ” биргелешкен өнөр жай аймагы 5 млн чарчы метр аянтты ээлейт. Мында 6,5 миң чакан жана […]Читать далее
Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстан менен Түркиянын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн активдүү катышуусунда кыргыз-түрк бизнес форуму өттү. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара 9-10-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Кыргызстандын делегациясынын Түркияга иш сапарынын алкагында өттү. Форумдун жүрүшүндө экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстандын кеңири инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, салыктык […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен 12-13-февралда Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышуу үчүн Дубай шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Быйылкы Саммит Өкмөттүн ишин өзгөртүү, жасалма интеллект жана жаңы багыттар, келечектеги өнүгүүнү жана экономиканы кайра карап […]Читать далее
Ошто социалдык тармактарда террористтик уюмга таандык материалдарды тараткан жаран кармалды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Кара-Суу райондук милициясы тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда өздүгү белгисиз болгон жаран Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынган террористтик уюмга таандык деп шек жараткан материалдарды активдүү түрдө жайылтып жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган. Аталган маалымат каттоого алынып, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Лейлек районунун Арка массивин сугат суу менен камсыздаган Кайракум суу сактагычындагы насостук станциянын иши менен таанышты. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, насостук станция 1982-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. 42 жылдан бери райондун Арка өрөөнүн сугат суу менен камсыздап […]Читать далее
Абдулазиз кары Закиров Кыргызстан муфтийи болду. Муфтияттан билдиришкендей, Закиров Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи кызмат ордуна бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын VIII кезексиз курултайында бекитилди. Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү – үч уул, бир кыздын атасы. Билими: 1993-1998-жылдары […]Читать далее