Укук тартиби

Бишкекте судья инвестордун мүлкүн мыйзамсыз тартып алууга көмөктөшкөн

Чет элдик инвестордун мүлкүн мыйзамсыз тартып алууга көмөктөшкөн судьяга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратурасы тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча прокурордук көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган иш-аракеттердин жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы сот адилеттигине жатпаган чечим чыгарылгандыгы аныкталды. Октябрь райондук сотунун судьясы, чет элдик инвесторлордун менчигинде болгон көп кабаттуу […]Читать далее

Коом

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолуна кар көчкү түштү

Бүгүн, 16-февралда эртең менен саат 11:30 чамаасында Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 101-102 км бөлүгүнө кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №27 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазаланып жатат. Көчкүнүн көлөмү 2350 м3 түзөт. Азыркы учурда каттам убактылуу жабык. Эскерте кетсек, бүгүн 2024-жылдын 16-февраль күнү эртең менен саат […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстанда 2024-жылы бир нече ири эл аралык спорттук иш-чаралар өтөт

2024-жылы Бишкек шаарында бир катар ири эл аралык спорттук иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу аталган спорттук иш-чараларды даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин отурумунда КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Тактап айтканда, Бишкек шаарында төмөнкүдөй эл аралык иш-чаралар өткөрүлөт: – 2024-жылдын 21-февралынан 26-февралына чейин 19 жашка чейинки өспүрүмдөр жана кенже балдар арасында бильярд боюнча Дүйнө […]Читать далее

Коом

Эми “Локомотив” муз аянтчасында жыл бою муз тебүүгө болот

«Кыргыз темир жолу» УК» МИнин «Локомотив» спорттук–ден соолукту чыңдоо комплексинин негизги максаты ишкананын кызматкерлери жана шаар тургундары үчүн эс алууну жана спорттун активдүү түрлөрү менен машыгууну уюштурууга багытталган. Компаниянын түзүмдүк бөлүмдөрүн модернизациялоонун алкагында 2023-жылы компания «Локомотив» комплексинин муздаткыч жабдууларын толугу менен жаңыртты. Жабдууларды жаңыртуу жыл бою коньки тебүүнү, театралдык оюн-зоок көрсөтүүлөрдү, көркөм муз тебүү жана […]Читать далее

Эл аралык мамилелер

Кыргызстан менен Италиянын социалдык жана эмгек чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташуу

2024-жылдын 15-февралында Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев Италиянын Ыйгарым укуктуу министри, Эмгек жана социалдык саясат министринин дипломатиялык кеңешчиси Микеле Чекки менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Элчи Т.Базарбаев маектеши менен Италияда эмгектенген Кыргызстандын жарандарын социалдык жактан камсыздоо маселелерин талкуулады. Тараптар эки мамлекеттин компетенттүү органдарына социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы өз ара аракеттенүү үчүн активдүү көмөк […]Читать далее

Коом

Ош жана Жалал-Абадда пахта өндүрүү кластерин түзүү маселеси талкууланды

Бүгүн, 16-февралда Суу ресурстары, айыл-чарба жана кайра иштертүү өнөр жайы министринин орун басары Маил Алияскаров Ош облусуна болгон иш-сапарынын алкагында Ош жана Жалал-Абад облустарынын пахта өстүрүүчүлөрү, пахтаны кайра иштетүүчү ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Аталган жолугушууда эки облустун пахта өстүрүүчүлөрү, пахтаны кайра иштетүүчү ишканаларынын өкүлдөрү Эл аралык донордук уюмдардын/каржылык институттардын өкүлдөрү менен өз ара пикир […]Читать далее

Дүйнөдө

ТҮРКИЯНЫН ӨСҮП КЕЛЕ ЖАТКАН КУЛИНАРДЫК БОРБОРУ УРЛАНЫ ИЗИЛДӨӨ ҮЧҮН 5

ТҮРКИЯНЫН ӨСҮП КЕЛЕ ЖАТКАН КУЛИНАРДЫК БОРБОРУ УРЛАНЫ ИЗИЛДӨӨ ҮЧҮН 5 СЕБЕП   “Lonely Planet” аттуу белгилүү саякат колдонмосунда Түркиянын Эгей деңизинин жээгинде жайгашкан Измирдин кооз району Урлага баруу сунушталат. Жүзүмзарлары жана дыйканчылыктан дасторконго чейинки ресторандары менен белгилүү болгон бул гастрономиялык оазисте таштан жасалган көчөлөр, терезелери бар таш үйлөр, кымбат жана ыңгайлуу бутик мейманканалар бар. Бул […]Читать далее

Коом

ТИМ кыргызстандыктарга Казакстан жана Россияга унаа менен барбай турууну сунуштады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аба ырайынын начарлашынан улам кыргызстандыктарды Казакстанга жана Россияга автожолдору аркылуу баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт. Маалыматка ылайык, Казакстан сегментиндеги жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылган маалыматка ылайык, республикалык маанидеги автожолдордун 100 участкасында 16 облуста транспорт кыймылына чектөө киргизилди. Абай, Акмола, Актобе, Алматы, Атырау, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Жетисуу, Батыш Казакстан, Караганда, Костанай, Кызылорда, Павлодар, […]Читать далее

Коом

Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат

Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн эртең менен «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 126 троллейбусу, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын 569 автобусу (анын ичинен 4 мектеп), «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 286 кичи автобусу, «Эко жүргүнчүлөр жеткизүү» ЖЧКсынан 127 жеке автобус жана «Аламүдүн автотранс» муниципалдык ишканасынан 4 автобус […]Читать далее

Коом

Бишкек – Алматы жолу аба ырайына байланыштуу убактылуу жабык

Бишкек – Алматы унаа жолу аба ырайынын начарлашына жана “Кордай” ашуусунун жабылганына байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматына караганда, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. УКМКнын Чек ара кызматы айдоочуларга аба ырайынын шарттарын эске алуу менен сапарларды жана маршруттарды пландаштырууну, […]Читать далее