Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинде системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Калктты каттоо департаментинин 06-04 аймактар аралык бөлүмүндөгү (Ош областы, Кара-Суу району, жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү) кызмат адамы тарабынан системалуу түрдө […]Читать далее
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары тарабынан мамлекетке дээрлик 200 млн сомдук зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна Башкы прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшундө фонддун жооптуу кызмат адамдары 2019-2022-жылдар аралыгында кызматтык абалдарын кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жана жеке жактар менен туруктуу коррупциялык байланыштарын түзүшүп, […]Читать далее
Каракол — Эңылчек унаа жолу кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 17-февралга караган түнү Каракол — Эңилчек унаа жолунун 46-километринде кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо максатында унаа жол 18-февральга чейин убактылуу жабылды. Жеринде жолду тазалоо максатында жол тейлөө кызматынын атайы техникасы тартылды. […]Читать далее
Ысык-Ата районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин директору М. М. А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комиттетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жер тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2001-2022-жылдар аралыгында Чүй токой чарбасы жана Чүй-Токмок “Кадастры” тарабынан 150 гектардан 4 сотука чейин аянттан 226 бирдик жер тилкелерине мамлекеттик актылар мыйзамсыз берилген. Аталган […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров менен Азербайжандын премьер-министри Али Асадовдун телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Акылбек Жапаров Али Асадовду Азербайжандын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери боюнча тыгыз жана жемиштүү иштөөгө даяр экенин билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан өткөн жылы 2,6 миң эмгек мыйзамын бузуу аныкталып, 4,8 миллион сом айып салынган. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 171 өндүрүштүк кырсыктар иликтенген. Министрлик кырсыктардын натыйжасында 123,3 млн сом өлчөмүндө компенсация алууга жардам берди. Ошондой эле 25,9 млн сом суммасында төлөнбөгөн эмгек акыны алууга жардам берди.Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңешинин жыйналышында сөз сүйлөдү. “Учурда республиканын 137 интернат тибиндеги балдар мекемелеринде 9 973 бала бар. Бул мекемелердин 69 мамлекеттик, 17 муниципалдык, 39 жеке жана 12 диний мекемелер. Кызмат алуучулардын жалпы санынын 5% гана ата-энеси […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев КР өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоо жана бекитүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жыйынын өткөрдү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө айрым чек арадагы калктуу конуштарга өзгөчө статус берүү боюнча мамлекеттик органдардын сунуштары талкууланды. Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун […]Читать далее
Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планы бекитилди
Министрлер кабинети кезектеги жыйынында 2024-2025-жылдарга Бишкек шаарынын абасынын сапатын жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планын бекитти. Документ Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу, айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна терс кесепеттерди алып келүүчү атмосферага зыяндуу физикалык таасирлердин алдын алуу жана азайтуу максатында иштелип чыккан. Документти иштеп чыгуу зарылчылыгы соңку жылдары өлкөбүздүн борборунда атмосферага зыяндуу заттардын чыгышы бир […]Читать далее
Пилоттук долбоордун алкагында кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо онлайн режиминде жүргүзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим КР министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды. Бул пилоттук долбоорду 2024-жылдын 1-мартынан 31-декабрына чейин өткөрүү милдети Санариптик өнүктүрүү министрлигинин координациясында КР министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылды. Документ […]Читать далее