Укук тартиби

Айыл чарба министрлигинде дээрлик жарым млрд сомдук финансылык бузуулар аныкталды

Айыл чарба министрлигинде, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө финансылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти. 16-февралда Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында, 2021-2022-жылдар аралыгына карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчет каралды. Аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы 472 млн 357,2 миң сомдук финансылык тартип бузуулар жана кемчилдиктер аныкталды: каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кем чыгуулар – 60 […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду “Коопсуз шаар” долбооруна 20 млн сом

Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 20 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда облустук Барпы театрында өткөн “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форумда айтылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, Генералдар кеңешинин төрагасы […]Читать далее

Президент

Кадрлардын региондук, муниципалдык резервин түзүү жөнүндө жарлыкка өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койду. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат: Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин […]Читать далее

Коом

Туманга байланыштуу Жалал-Абад – Бишкек аба каттамы “Ош” аэропортуна жөнөтүлдү

Карга жана туманга байланыштуу Жалал-Абад – Бишкек аба каттамы “Ош” аэропортуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Учурда Жалал-Абад аэропортунун аймагында көрүү 500 метрди түзүүдө. Белгилей кетсек, көрүү норма боюнча 5 миң метрди түзүүсү зарыл.Читать далее

Саясат

Прагада кыргыз-чех парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Прага шаарында Кыргызстандын Чехиядагы элчиси Толенды Макеев Чехия парламентинин Депутаттар палатасынын вице-спикери Ян Бартошек менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. Жолугушууда тараптар кыргыз-чех парламенттер аралык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Эки өлкөнүн спикерлеринин өз ара иш сапарларын уюштуруу үчүн бул мамлекеттердин парламенттик комитеттеринин, […]Читать далее

Коом

Жазында Бишкек 1,6 млн бир жылдык гүлдөр менен кооздолот

Жазында Бишкек 1,6 млн бир жылдык гүлдөр менен кооздолот. Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын күнөсканаларында жазгы гүл отургузууга активдүү даярдык башталды. “Учурда күнөсканаларда жаш көчөттөрдү жаңы топурак аралашмасы толтурулган чоңураак идишке көчүрүү иштери жүрүп жатат, бул процесс гүл үчүн оор болушу үчүн, көчөттөр өсүүнүн алгачкы стадиясында жыйналып алынат. Февраль айында ишкананын эки күнөсканасына бир жылдык […]Читать далее

Укук тартиби

Кара-Сууда чет элдик жарандан  опузалап акча талап кылган шектүү кармалды

Кара-Сууда чет элдик жарандан  опузалап акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматы маалымдады. 2024-жылдын 12-февраль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кытай Эл Республикасынын жараны 1969-жылы туулган Л.Ч арыз менен кайрылган. Анда Азам аттуу жаран  “сен 58 000 (элүү сегиз миң) АКШ долларын  беришиң керек”- деп коркутуп, опузалап акча […]Читать далее

Коом

ЖКККББ: Айрым жолдорго чектөөлөр киргизилди

Өлкөнүн айрым жолдоруна чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Кар жаап, абай ырайынын өзгөрүүсүнөн улам өлкө аймагындагы төмөнкү унаа жолдоруна убактылуу менен чектөөлөр киргизилди. Алар: -Каракол-Энгильчик автоунаа жолунун 38-чакырымынан тартып, 95-чакырымына чейинки аралыгына; -Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу суу кар жаап ар жерден кочку тушуп жаткандыгына байланыштуу 45 чакырымынан 130 чакырымына чейин жол жабык. […]Читать далее

Спорт

Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды

Бүгүн, 19-февралда Бишкекте Кыргыз футбол союзунун кезексиз конгресси өттү. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти. Күн тартибине ылайык, конгресс КФСтин президенти Медербек Сыдыков жана аткаруучу комитетинин курамынын буга чейинки жарыяланган отставкасы кабыл алынды. Андыктан КФСтин кезексиз конгрессинин күн тартибиндеги маселелердин бири КФСтин жаңы президенттин шайлоо болду. Бул кызматка жалгыз кандидат Камчыбек Ташиев болгон. Шайлоо […]Читать далее

Коом

Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо уланууда

“Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкектин жолдорун тазалоону улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, линияда 37 атайын техника, анын ичинде «МАЗ» үлгүсүндөгү 22 кар тазалоочу агрегат, 1 алдыңкы жүктөгүч, 8 «Беларусь» трактору щетка жана күрөгү менен , 4 «УКМ-2500» универсалдуу техникасы, ошондой эле жаңы атайын кар тазалоочу 2 “Bobcat” техникасы. 48 тоннадан ашык техникалык туз сарпталды. Мындан сырткары ишкананын  38 […]Читать далее