Эмгек министри Гүлнара Баатырова: Интернаттардагы балдардын 5%нын гана ата-энеси жок

 Эмгек министри Гүлнара Баатырова: Интернаттардагы балдардын 5%нын гана ата-энеси жок
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңешинин жыйналышында сөз сүйлөдү.
“Учурда республиканын 137 интернат тибиндеги балдар мекемелеринде 9 973 бала бар. Бул мекемелердин 69 мамлекеттик, 17 муниципалдык, 39 жеке жана 12 диний мекемелер. Кызмат алуучулардын жалпы санынын 5% гана ата-энеси жок.
Кыргызстанда 10 жылдын ичинде интернаттык мекемелердин саны 117ден 137ге жетти. Ошол эле учурда аларда жашаган балдардын саны азайды”, – деди ал.
Министрдин айтымында, турмуштук оор кырдаалда турган балдарды аныктоо максатында аймактык башкармалыктар тарабынан туруктуу мониторинг жүргүзүлүп турат.
“Өткөн жылы 325 миңден ашык үймө-үй кыдыруу жүргүзүлдү. Эмгек мигранттарынын балдары 88 миңден ашык экендиги аныкталган. Бардык үй-бүлөлөр менен камкордукка алуу зарылдыгы жөнүндө иштер жүргүзүлдү. Аныкталган балдардын 701 соттун чечими боюнча камкордукка алынган, 530 балага убактылуу камкордук берилген, 14 бала окуусун улантуу үчүн жалпы билим берүү мекемелерине кайтарылган, 100дөн ашык бала реабилитациялык борборлорго, интернаттарга, фостердик үй-бүлөлөргө жайгаштырылган”, – деп маалымдады министр.

Связанный пост