Эмгек министринин мурдагы орун басары Улан Чаначев 29-мартка чейин камакта калтырылды

 Эмгек министринин мурдагы орун басары Улан Чаначев 29-мартка чейин камакта калтырылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин мурдагы орун басары Улан Чаначевди 29-мартка чейин камакта калтырылды.

Мындай чечим Биринчи май райондук соту тарабынан 22-февралда кабыл алынган.

Эскерте кетсек, Улуттук коопсуздук комитети Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча 21- февралда эмгек министринин орун басары Улан Чаначевди кармаган.

24-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чечими менен Чаначев ээлеген кызматынан бошотулган.

Связанный пост