VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү пландалууда

 VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү пландалууда

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында ведомствонун башчысы Алтынбек Максутов билдирди.

Ал белгилегендей, бул маселе учурда талкууланып жатат.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул Кыргызстандын эл аралык денгээлдеги эң ири долбоору. Ал көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргызстан өкмөтү тарабынан демилгеленген.

2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында (Кыргызстан), 2022-жылы Изник ​​шаарында (Түркия) өтсө, 2024-жылы 8-14-сентябрда Астанада (Казакстан) өтөт.

Связанный пост