“Кумтөр Голд Компанинин” 2023-жылдагы таза кирешеси 302 млн долларды түздү

 “Кумтөр Голд Компанинин” 2023-жылдагы таза кирешеси 302 млн долларды түздү

April 26, 2022, Haian, Jiangsu, China: HAIAN, CHINA – APRIL 26, 2022 – A staff member counts US dollar notes at a bank in Haian, East China s Jiangsu province, April 26, 2022. The People s Bank of China (PBOC), the central bank, decided on Thursday to cut the foreign exchange reserve ratio (RRR) for financial institutions by 1 percentage point from the current 9 percent to 8 percent starting May 15, 2022, in a bid to improve their ability to use foreign exchange funds. (Credit Image: Global Look Press/Keystone Press Agency)

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын 2023-жылы таза кирешеси план боюнча 194 млн доллар болсо, иш жүзүндө 302,4 млн долларды түздү. Бул тууралуу ишкананын 2023-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде белгилүү болду.

Ишканадан билдиришкендей, 2023-жылы өндүрүштүк ишмердүүлүктөн түшкөн жалпы кирешеси пландагы 734,2 млн доллардын ордуна 849 млн долларды түзгөн. 2023-жылы 13 тонна 577 кг алтын казылган. Өндүрүштү модернизациялоо жана чыгымдарды кыскартуунун натыйжасында, ишкананын жыл ичиндеги таза кирешеси пландагы 194,0 млн доллардын ордуна 302,4 млн долларды түздү. Республикалык бюджетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 17 млрд 241 миллион 71 миң сом которулду.

“Кумтөр Голд Компанинин” капиталдык салымдарынын өлчөмү 2022-жылы 186,1 млн доллар болсо, 2023-жылы 111,5 млн долларды түздү.

Өткөн жылы Кумтөр кен жайындагы Алтын ылгоочу фабрикага заманбап эки тик тегирмен жана кошумча эритүүчү жаңы чандар орнотулду. Муну менен жылына 7 миңден 12 миң унцияга чейин кошумча алтын өндүрүүгө шарт түзүлдү.

Ошондой эле 2023-жылы Кумтөр кени 93 даана ар кандай атайын техникалар сатылып алынган. Былтыр Токмок шаарында дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү заводу тесттик режимде ишке киргизилип, 17 тоннадан ашык алтындын запасы бар Тоголок алтын кенин өздөштүрүү жумуштары башталды.

Иш процессин оптималдаштыруу жана жабдууларды жаңылоо аркылуу өткөн жылы тоо-кен иштерин жүргүзүүдө 30 млн доллардан ашык каражат үнөмдөлгөн.

Мындан сырткары, 2023-жылы “Кумтөр Голд Компани” тарабынан “Ысык-Көл облусун өнүктүрүү” фондуна 8 млн 389 миң доллар, Нарын облусун өнүктүрүү боюнча “Теңир-Тоо” фондуна 5 млн 33 миң доллар, Аймактарды өнүктүрүү боюнча өнөктөштүк фондуна 1 млн 597 миң доллар, Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 млн 542 миң доллар которулган.

Связанный пост