Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында КМШнын Саламаттык сактоо боюнча кызматташуу кеңешинин XXXVI жыйыны өттү

 Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында КМШнын Саламаттык сактоо боюнча кызматташуу кеңешинин XXXVI жыйыны өттү

2023-жылдын 14-15-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин төрагалыгы алдында КМШнын Саламаттык сактоо боюнча кызматташуу кеңешинин XXXVI отуруму өтүүдө, анда Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, ДССУнун Европа регионалдык бюросунун директору доктор Ханс Клюге жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин медициналык коомчулугунун өкүлдөрү катышууда.

Саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык кеңеши бүгүнкү күндө өзүнүн актуалдуулугун жана натыйжалуулугун далилдеген саламаттык сактоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык диалогдун алдыңкы жана туруктуу платформасы бойдон калууда. Буга акыркы жылдардагы чакырыктар өбөлгө түздү. Бул бардык мамлекеттер туш болгон пандемия. Анын катарында дагы эле олуттуу жана актуалдуу маселе болуп саналган жугуштуу эмес оорулар да бар. Бул биз туш болуп келе жаткан социалдык илдеттер, бүгүнкү күндө биз аларды жеңип жатканыбыз менен, мааниси дагы эле жогору экенин сезилип турат.

«Биздин өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системалары жарандарыбыздын ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган. Шериктештиктин алкагындагы өз ара аракеттенүү Кыргыз Республикасы үчүн чоң кызыгууну жаратат жана биз базалык уюмдар менен да, Кеңештин комиссиялары менен да өз ара кызматташабыз. Ал эми Кеңештин мүчөлөрү менен болгон диалог министрликтердин деңгээлинде кызматташуунун негизги вектору болуп саналат. Кеңештин алкагында жасап жаткан иштерибиз биринчи кезекте КМШнын жогорку органдарынын чечимдерин ишке ашырууга негизделгенин белгилегим келет. Ал эми бизге жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн биргелешип бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек”, -деп билдирди КРнын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Кеңеш кабыл алган чечимдер Шериктештикке мүчө мамлекеттерге макулдашылган саясат жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко өз сөзүндө белгилегендей, төрт сааттык аба жолу жугуштуу ооруга таптакыр тоскоол эмес. «Убакытты кыскартып, ошону менен жугуштуу оорулардын өнүгүшүнө же жайылышына шарт түзгөн бүгүнкү коммуникациялар, бүгүнкү транспорт каражаттарын эстен чыгарбашыбыз керек. Ошондуктан, биздин сиздер менен болгон өз ара аракеттенүүбүз конструктивдүү түрдө өз ара пайдалуу болууга жана, албетте, биринчи кезекте жарандарыбыздын ден соолугуна багытталышы керек. Бул факторлордун баары акыр аягында жогорку даярдыкты, медициналык жардам көрсөтүүгө бирдиктүү мамилени жана бирдиктүү жөнгө салуучу учурларды талап кылып, Евразиялык биримдиктин алкагында бизге дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жалпы рыногуна ээ болууга мүмкүндүк берет. Мына ушулардын бардыгы жаңы технологияны ишке киргизүүгө жана дарылоонун жаңы методдорун киргизүү үчүн мамлекеттик ресурстарды үнөмдөөгө мүмкүндүк берген ачык-айкын өз ара пайдалуу кызматташтык. COVID-19 чакырыгы саламаттык сактоо тутуму кыйынчылыкка туш болгондо биз канчалык натыйжалуу кызматташа аларыбызды көрсөттү. Адистер менен алмашуу, бейтаптарды биргелешип дарылоо, жаңы жана үзгүлтүксүз жаңыланып турган дарылоо сунуштары – бул аралыктан окутуу үчүн маалымат ресурстарына тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүк. Мунун баары бизге жаңы багытта алдыга жылууга шарт түзөт», – деди Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы М.Мурашко.

Үстүбүздөгү жылы Евразия экономикалык комиссиянын чечими менен КМШга мүчө-мамлекеттердин калкынын ден соолугун чыңдоо стратегиясын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы кабыл алынган. Планды даярдоого көптөгөн мамлекеттердин эксперттери катышты. Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагын маалыматташтыруу жана коомдук саламат боюнча базалык уюмдар түзүлдү.

Бул иш-чаранын алкагында делегация мүчөлөрү Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын иши менен таанышты. Тактап айтканда, Шериктештикке мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Улуттук онкология жана гематология борборуна, Республикалык кан борборуна, Электрондук саламаттык сактоо борборуна, Стоматологиялык поликлиникага, Үй-бүлөлүк медицина борборуна, Улуттук госпиталга, М.М.Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборуна, Эндокринологиялык борборго, Улуттук фтизиатрия борборуна, Шаардык тез жардам ооруканасына барышты. Ошондой эле И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында медициналык кадрларды даярдоонун уюштурулушу менен таанышты.

Мындан тышкары, эксперттер Бүткүл дүйнөлүк диабетке каршы күрөшүү күнүнө арналган “Диабетти дарылоого жеткиликтүүлүк” илимий-практикалык конференциясына катышты.

Связанный пост