Кыргызстанда бир суткада 22 өрт кырсыгы катталды

 Кыргызстанда бир суткада 22 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Жалал-Абад облусунда 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 6, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда – 1 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 25 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Алсак, Чолпон-Ата шаарындагы Правда көчөсүндө короодо Volkswagen Golf 3 үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен шаарында Токтогул көчөсүндө жалпы аянты 145 чарчы метр сарай толугу менен жана 6 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад шаарындагы Дача кичи районунда болжол менен аянты 120 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Связанный пост