Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын ТИМ башчыларынын жолугушуусу өттү

Бүгүн Бишкекте Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидандын Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында анын кыргызстандык кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен тар форматтагы сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык пландоо боюнча биргелешкен тобунун 6-жыйынын өткөрүштү.

Өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жана Биргелешкен топтун отурумунун алкагында тараптар мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу стратегиялык жана боордош мамилелердин учурдагы абалын жана мындан ары кеңейтүүнүн келечегин карап чыгышты.

Соода-экономикалык кызматташтыктын динамикасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн ырастап, Кыргызстан менен Түркиянын Тышкы иштер министрликтеринин башчылары эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн деңгээлин жогорулатуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдиришти. Анын ичинде эки тараптуу кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү аркылуу.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы аскердик-техникалык жана аскердик-коргоо чөйрөлөрүндө жигердүү өнүгүп жаткан кызматташтыкты жана бул жаатта кызматташууну мындан ары кеңейтүү үчүн болгон потенциалды белгилешти.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ишмердүүлүгү, «Маариф» билим берүү фондунун мектептеринин тармагын кеңейтүү, ошондой эле жарандарыбыз Түркиянын медициналык мекемелеринде акысыз дарылана ала турган Макулдашууну ишке ашырууну кайра жандандыруу талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки мамлекеттин жарандарынын жашоосун, иштөөсүн, окуусун жана өз ара саякаттоосун жеңилдетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Түркиянын Тышкы иштер министрликтеринин башчылары эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну улантуу, анын ичинде эки өлкөнүн талапкерлерин илгерилетүү боюнча өз ара колдоо көрсөтүү, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунда өз ара аракеттенүү боюнча макулдашышты.

Түркиянын тышкы иштер министри Фидандын расмий сапарынын жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен иштерди мындан ары жылдырууну камтыган 2024-2026-жылдарга кызматташтык программасына кол коюлду. Ошондой эле, Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 6-жыйынынын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Андан ары министрлер маалымат жыйынында сөз сүйлөштү.

Иш сапардын алкагында министр Хакан Фидандын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушуулары пландалган.

Связанный пост