Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кадамжайда күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин окуясына байланыштуу кайгыруу менен билдирүү жасады. УКМК башчысы жаш келиндин тагдыры өтө аянычтуу болгондугун айтып, жалпы кыргызстандык кыз-келиндерге кайрылды. “Урматтуу кыз-келиндер! Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыңыздар! Энелерди, аялдарды,кыз-келиндерди сактап, […]Читать далее
Кадамжайда 23 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан ажал тапты. Маалыматты Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан тастыкташты. Окуя тууралуу милицияга 2-январда Кадамжай районунун Исхак-Полотхан жалпы дарыгерлер практикалык борборунун тез жардам бөлүмүнүн дарыгери кабарлаган. Маалымат райондук милициянын маалыматтардын электрондук журналына катталып, жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Териштирүүнүн жүрүшүндө каза болгон келин менен 32 жаштагы Ж.Г. аттуу жолдошунун ортосунда […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборуна күнүнө 6-7 миң тоннадан көмүр түшүрүлүүдө. Бул тууралуу ЖЭБдин маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын ЖЭБи штаттык режимде иштеп, калкты жылуулук жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда. “Күн сайын ишканага 6-7 миң тонна, орто эсеп менен 90 вагон жана 15 оор жүк ташуучу унаа менен көмүр келип […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Туризм жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (10-январь 2024-жылы) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. “Туризм жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы туристтик тармактагы ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун […]Читать далее
Тогуз-Торо районунунда кышкы спорттун түрлөрү жанданууда. Бул тууралуу КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Отор Чопиев атындагы Тогуз-Торо райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебинде кыш спорттун түрлөрүн жандандыруу максатында лыжа, конькилер алынып атайын командалык оюнчулар машыктыруучулар тарабынан даярдалууда. Максаты Тогуз-Торо районунда кышкы спорттун түрү боюнча команда түзүү жана кышкы туризмди өнүктүрүү. Аталган спорт мектебинин командасы алгачкы […]Читать далее
Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2024-жылдын 11-январь күнү Токмок, Кант шаарлары жана Ысык-Ата районунундагы көмүр сатуучу жайларына мониторинг жүргүзүштү. Көмүрдүн баалары туруктуу жана белгиленген баадан жогорулатылган фактылар жок. Көмүр сатуучу жайларда көмүрдүн запасы жетиштүү. Сатуучуларга көмүрдүн көлөмүн ченөөчү таразалар боюнча маалымат жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ак-Буура дарыясынын Даңги участогунан шаарга суу алуучу башкы тосмого чейинки аймакка диаметри 1000 мм болгон 2400 метрди түзгөн суу түтүгүн тартуу ишине старт берди. Калаа башчысы аталган долбоордун маанилүүгүн белгилеп, алдыда жасалчу иштерди өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды. Бул долбоор шаарды таза суу менен камсыз кылуунун үчүнчү этабы болуп, […]Читать далее
Бүгүн, 11-январда КР Энергетика министрлиги, “Кыргызстан-Кагошима” достук ассоциациясы жана япониялык “SENTO GROUP Co., Ltd” компаниясынын ортосунда көмүр тармагындагы кызматташтык жөнүндө үч тараптуу меморандумга кол коюлду. Энергетика министрлигинен билдиришкнедей, документке энергетика министри Таалайбек Ибраев, “Кыргызстан-Кагошима” достук ассоциациясынын директору Оно Сумиёсу жана “SENTO GROUP Co., Ltd” компаниясынын директору Курэнума Синтаро кол коюшту. Меморандум президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду, аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган. Мыйзамдын максаты жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши […]Читать далее
“Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагына полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, мындай чечим “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө” жана “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун эске […]Читать далее