Укук тартиби

Ички иштер органдары тарабынан былтыр 6,5 тоннадан ашуун баңги каражаттары,

2023-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиевдин катышуусунда гибриддик форматта ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 2023-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча кеңешме болуп өттү. 2023-жылы Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан 1314 баңги кылмышы аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна 680 кг 685 г баңги каражаттары, психотроптук заттар […]Читать далее

Коом

Киров суу сактагычына курулуп жаткан Бала-Саруу ГЭСи жакында ишке берилет

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Манас районундагы Киров cуу сактагычында курулуп жаткан Бала-Саруу ГЭСинин ачылышына карата даярдык иштери менен таанышты. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, “Чакан ГЭС” ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Эмиль Мухамбетов аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, мерчемделген иштер өз маалында бүткөрүлгөндүгүн белгилеп, сунунун көлөмү көбөйсө, жакынкы арада ишке берүүгө даяр экенине токтолду. Ал белгилегендей, […]Читать далее

Коом

УКМКда компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борбору ачылды

Бүгүн КР УКМК жетекчилиги жана Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вондженин катышуусунда УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун базасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборунун (SOC) ачылыш аземи өттү. УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, SOCтун ачылышы Кыргызстандын киберкоопсуздугун камсыздоодогу стратегиялык кадам болду. Борбор санариптик мейкиндикке күнү-түнү мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле киберкоркунучтарды ыкчам аныктоону жана аларга жооп кайтарууну […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда өткөн жылы 17 машина-трактордук станция уюштурулду

2023-жылы Кыргызстанда агротехникалык кызмат көрсөтүүчү 17 машина-трактордук станция уюштурулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директору Нурланбек Кожогулов билдирди. Директордун айтымында, анын ичинен 3 МТС муниципалдык, 14ү жеке тараптарга таандык, бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырганда 6 эсеге жогору. “Ал эми өлкө боюнча МТСтердин саны 142ни түзөт, анын […]Читать далее

Коом

2023-жылы Кыргызстанда айыл чарба кооперативдеринин саны 216га өстү

2023-жылы республика боюнча 216 айыл чарба кооперативдери жаңы түзүлүп жана токтоп тургандар жандандырылып айыл чарба өндүрүшүндө ишке кирди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарбасын механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директору Нурланбек Кожогулов билдирди. Анын айтымында, өлкөдө айыл чарба кооперативдерин түзүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Кожогулов белгилегендей, 2023-жылга карата жалпы республика боюнча 694 […]Читать далее

Саясат

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 38,35 чакырымы такталды

 Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 10-январынан 16-январына чейин Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен шаарында өттү. Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашышты. Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда […]Читать далее

Экономика

Өткөн жылы Кыргызстанда 211 миң тонна органикалык айыл чарба продукциясы

2023-жылдын 12 айында ата мекендик органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 210 миң 968, 5 тоннаны түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Уран Чекирбаев билдирди. Чекирбаевдин айтымында, ошентип өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн көлөмү – 204 миң 440, 25 тонна, мал чарбачылык – 6 миң 527, 8 тоннаны түзгөн, […]Читать далее

Коом

“Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзам 2021-жылдын 8-февралындагы КР Президентинин № 26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Сунушталган өзгөртүүлөр менен Мыйзамдын түзүмү кайра каралган, мамлекеттик жөнгө […]Читать далее

Президент

“Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамга

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында иштелип чыкты. Конституциялык Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда 1765 күнөскана иштейт. Көпчүлүк бөлүгү Жалал-Абад облусунда

2023-жылы республика боюнча иштеп жаткан күнөсканалардын жалпы саны 1765 даананы түздү, ал эми ээлеген аянты 203,1 га жерге жетти. Облустар боюнча алып караганда: 📍Чүй облусу боюнча 265 даана, 53 га жерге, 📍Ысык-Көл – 74 даана, 5,0 га, 📍Нарын-38 даана, 5,0 га, 📍Талас-15 даана, 4,0 га, 📍Ош – 370 даана, 53,0 га, 📍Баткен – 191 даана, […]Читать далее